Пример HTML-страницы

Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Алинин кылычы. Уста С.Максымов анын дагы бир көчүрмөсүн жасады

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарынын тургуну Саламат Максымов — бычак жасоочу, курчутуучу жана калыбына келтирүүчү уста. Ал бул өнөргө пенсияга чыккандан кийин кызыгып калган.

Каарманыбыз усталардын видеолорун көрүп, акырындап өзүнүн стилин тапкан. Ал кыргыздын байыркы согуштук бычагын, кыргыздын салттуу бычагы — маки, серб бычагын жаңыртып, байыркы шотландиялыктардын бычагы — скин ду, байыркы сактардын сакс, жапон танто, якут жана славян бычагынын көчүрмөсүн жасаган.

Ал эми жакында эле Мухаммед пайгамбардын күйөө баласы Алинин кылычы — Зульфикардын материалдык көрүнүшүн кайра жаратты.

Бул кылычтын көчүрмөсүн жасоо авторду көпкө ойлондурган. Бирок кийин өзүн сынап көрүүнү чечкен. Кылыч үстүндө иштей баштаганда дуа айтып, Кудайга кайрылган.

Кылыч дат баспас болоттон жасалган, узундугу бир метрден ашкан.

«Мен дээрлик кыш бою бычактын формасын келтирип, башын жаңгактан жасадым. Жыйынтыгында Зульфикардын образы пайда болду. Зульфикар кылычы — мусулман чыгышынын эң белгилүү символдорунун бири.

Зульфикардын келип чыгышы боюнча ар кандай версиялар бар: мистикалык жана реалдуу. Уламыш боюнча, бул кылыч Мухаммедге Бадр согушунда олжо катары берилген. Пайгамбардын колунда курал сыйкырдуу күчкө ээ болгон.

Дагы бир мистикалык версия боюнча, Зульфикар кылычын Мухаммеддин күйөө баласы Али каардуу салгылашууда тогуз кылычын сындырып алгандан кийин Жебраил өзү асмандан алып келген. Улуу кылычка ээ болгон Али бир сокку менен душмандын калканын жана туулгасын кесип, жерге ыргыткан. Ошондо Мухаммед кылычтын мизинде чийилип калган атактуу фразасын айткан: «Алиден башка баатыр жок, Зульфикардан башка кылыч жок!».

Зульфикар — ийри, кош бычак менен мүнөздөлгөн кылыч. Анын бир жагы өлтүрсө, экинчи жагы айыктырат деп эсептелген. Ошондой эле Зульфикар чынчыл жана адилет адамга жамандык кылган эмес.

Зульфикар кылычы Стамбулдагы (Түркия) музейлердин биринде сакталып турат. Ошондой эле дүйнө жүзүндөгү тарыхый музейлерде ар кайсы тарыхый доордо эл тарабынан жасалган бир топ Зульфикарлар бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE