Пример HTML-страницы

Сузак РИИБдин башчысы Арстанбек Усанов кызматынан бошотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак РИИБдин башчысы Арстанбек Усанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2-май күнү Сузак районунда болгон окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн түзүмдөр аралык комиссия ички иштер башкармалыгы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгын чыгарды. Өткөрүлгөн иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жаза алды.

Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы Арстанбек Усанов, анын орун басары Нургазы Ботоканов жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Андан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилик курамына жана Сузак РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерлерине карата тартиптик чаралар көрүлдү.

  • Милициянын полковниги Арстанбек Усанов Жалал-Абад облусунун Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп 2023-жылдын январь айында дайындалган болчу.

Буга чейин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сопубек Сариев кызматынан убактылуу четтетилгенин кабарланган.

Сузактагы кырсык:

2-майда Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Жерге-Тал айылында ондогон балдарды унаа сүзүп кеткен.

Маалым болгондой, кырсык саат 13:30 чамасында «Манас» эпосунан үзүндү айтуу саамалыгы өтүп жаткан учурда болгон. Токтоп турган «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаа жылып кетип, окуучуларды аралап кеткен. Жабыр тарткандардын саны 35 адамга жетти. Окуучулар ооруканага жеткирилген.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номуруна милициянын старшинасы Т.Айдарбеков кабар берип, Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын«Манас» айтуу аземи болуп жаткан учурда Жерге-Тал айылынын 1976-жылы туулган тургуну Б.Ж. өзүнүн башкаруусундагы «Хендай Портер» автоунасын өчүрбөй токтотуп, автоунаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан унаасы жылып кетип, «Манас» айтып жаткан окуучу балдарды сүзүп кеткенин кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE