Пример HTML-страницы

Ак-Талаада жылдын мыкты мугалими менен тарбиячысы аныкталды. Алар Ташкент жана Египетте эс алат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда «Мыкты мугалим-2024» жана «Мыкты тарбиячы-2024» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында, 30-апрель күнү «Билимдүүгө дүйнө жарык» аталыштагы салтанаттуу иш-чара өтүп, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, демөөрчүлөр жана агартуу тармагынын кызматкерлери катышты.

«Мыкты мугалим» сынагынын жыйынтыгы:

— баш байге — Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин биология мугалими Нурбек Байшериев, Ташкентке жана Египетке эс алууга жолдомо алды;

— 1-орун — Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин химия мугалими Күмүшай Мамаева, 10 миң сом менен сыйланды;

— 2-орун — Баетов айылынын Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Каныкей Муканбеткалый кызы, 7 миң сом менен сыйланды;

— 3-орун — Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Сайра Ашыркожоева, 5 миң сом менен сыйланды.

«Мыкты тарбиячы» сынагынын жыйынтыгы:

— баш байге — Тоголок Молдо айылынын «Адис-Адилет» бала бакчасынын тарбиячысы Светлана Доктурбек кызы, Ташкент жана Египетке эс алууга жолдомо алды.

— 1-орун — Баетов айылынын «Тынчтык» бала бакчасынын тарбиячысы Айжамал Бусурманкул кызы, 10 миң сом менен сыйланды;

— 2-орун — Ак-Кыя айылынын «Келечек муун» бала бакчасынын тарбиячысы Астра Эсеналиева, 7 миң сом менен сыйланды;

— 3-орун —Чолок-Кайың айылынын Кайбылда Касмалиев атындагы бала бакчасынын тарбиячысы Жылдыз Муктарбек кызы, 5 миң сом менен сыйланды.

Мындан тышкары сынакка катышкан бир катар тарбиячыларга 1 миң сомдон 5 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар ыйгарылып, ошондой эле райондук билим берүү бөлүмүнүн жана облустук усулдук билим берүү борборунун сыйлыктары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE