Пример HTML-страницы

Ошто баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокат районунда баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 13-февралында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө А. жана Б. аттуу белгисиз жарандар шектүү зат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 10-апрель күнү Ош шаарынын 1972-жылы туулган тургуну А.А. өзүнүн үйүнүн жанында атайын белги коюлган 20 000 сом акчаны алып, күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар затты саткан учурда кылмышка шектүү катары кармалган.

Аталган затты аныктоо үчүн тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык шектүүнүн жанынан табылган зат гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Шектүү А.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE