Пример HTML-страницы

ӨТӨ МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ 

https://kyrgyzcha.site/?p=56833&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ӨТӨ МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ

Эркек болсун, аял болсун, ар бир мусулман адамдын ар бир сөзүндө, ар бир ишинде Аллаху тааланын буйруктарына, б.а., фарздарга жана тыюу салгандарына [арамдарга] уйуусу зарыл. Бир фарздын аткарылуусуна, бир арамдан сактанууга маани бербеген адамдын ыйманы кетет, капыр [Аллахтын душманы] болот. Капыр бойдон өлгөн адам кабырда азап тартат. Акыретте Жаханнамга кирет. Жаханнамда чексиз отто күйөт. Кечирилүүсүнө, Жаханнамдан чыгарылуусуна мүмкүндүк жана ыктымал жок. Капыр болуу өтө жеңил. Ар бир сөздө, ар бир иште капыр болуп калуу ыктымалдыгы көп. Куфурдан кутулуу дагы өтө жеңил. Куфурдун себеби билинбесе да бир жолу: “Йа, Рабби! Билип же билбестен куфурга себеп болгон бир сөз айткан, же бир иш кылган болсом өкүндүм. Мени кечир”, — деп тообо кылса, Аллаху таалага жалбарса сөзсүз кечирилет. Жаханнамга кетүүдөн кутулат. Жаханнамда чексиз отто күйбөө үчүн күн сайын сөзсүз тообо кылуу керек. Бул тоободон да маанилүү болгон нерсе жок. Кайра-кайра билдирели, кул акысы болгон күнөөлөргө тообо кылып жатканда бул акыларды өтөө жана өткөрүлгөн намаздар үчүн тообо кылып жатканда булардын казасын орундоо керек.

 

ИСЛАМ АХЛАГЫ

Экинчи бөлүм

Ислам ахлагы үч бөлүккө бөлүнүп каралат. Бирок, бул үчөөнү түшүнө алуу үчүн алгач жардамчы маалыматтарды үйрөнүү керек. Ошондуктан, жазуубузду бир башталгыч жана үч бөлүм иретинде жазабыз. Биз бул китебибизде биринчи бөлүмдү гана калемге алмакчыбыз.

Алгы сөз Ахлак маалыматтарын үйрөнүү өз ыктыяр, каалоо менен болот. Кыйноо менен болбойт. Ар ыктыярдуу иш болсо ушул эки нерсени үйрөнүү менен кылынат. Алгач ал иштин эмне экендигин жакшылап түшүнүү керек. Кийин ошол иштин алып келе турган пайдаларын билүү керек болот. Ар илимди жеңил түшүнө алуу үчүн кээ бир жардамчы илимдерди алдын ала үйрөнүү усул катары калыптанган. Биз дагы киришүүдө бул үч максатты үч баяндын ичинде түшүндүрөбүз. Киришүүгө айрыкча эки кошумча да кошмокчубуз.

 

БИРИНЧИ БАЯН: Ислам ахлагы үчкө бөлүнөт: 1. Адам жалгыз кезинде башканы ойлонбостон иштеринин жакшы же жаман экендигин түшүндүргөн илим “Илм-и ахлак” деп аталат. Адам жалгыз болгондо да бул иштерди кандай билсе ошондой аткарат. Мисалы, жумшак мүнөздүү, жоомарт, уяттуу адам өзү жалгыз кезде да, башка адамдардын жанында да дал ошол абалда болот. “Илм-и ахлак” адамдын ушундай эч өзгөрбөгөн иштерин үйрөтөт. 2. Экинчиси адамдын үй ичинде бала-бакырасына карата мамилесин изилдейт. Бул “Тедбир-и мензил” жана “Үйдү башкаруу адеби” деп аталат. 3. Үчүнчүсү адамдын коомдогу вазыйпаларын, мамилесин, ар кимге пайдалуу болуусун үйрөтөт. Бул “Сиясет-и медине”, б.а. “социалдык” тарбия деп аталат. “Ахлак-ы Насыри” китебинде адам жакшы же жаман бардык ишти бир себеп менен аткарат. Бул себеп же табигый болушу мүмкүн же буйрук, же бир мыйзам болушу мүмкүн. Табигый болгон нерселер акыл-эси, тажрыйбаларынын натыйжасында кылган иштери. Мындай иштери мезгилге жараша жана коомдун таасири менен өзгөрбөйт. Экинчи себеп болгон буйрук жана мыйзам болсо же бир жамааттын, бир элдин биргелешкен пикиринен туулат. Бул “Салт” жана “Адат” деп аталат. Же болбосо таанымал болгон бир аалымдын, тажрыйбалуу аброю бар бир адам тарабынан ортого чыгарылат. Пайгамбарлар, Олуялар, карольдор, диктаторлорду буга мисал кылууга болот. Пайгамбарлар “алейхимуссалавату ваттаслимат”, Олуя жана аалымдар тарабынан билдирилген Аллаху тааланын буйруктары үчкө бөлүнөт: Биринчиси – ар кимдин жеке башы менен баш ийүүчү керек болгон нерселер. Булар “Ахкам” же “Ибадаттар” деп аталат. Экинчиси – адамдардын арасында өз ара баш ийүүлөрү керек болгон буйруктар. “Мунакахат”, б.а., үйлөнүү иштери жана “Муамалат” , б.а., соода-сатык иштери мына ушундай. Үчүнчүсү — мамлекеттерди, жамияттарды өз ичине камтыган буйруктар. Булар “Худуд”, б.а., “укуктук” же “саясый” иштер. Бул үч илимдин бардыгы “Фыкх” маалыматтары деп аталат. Фыкх маалыматтары жана бул иштерди тартипке салган буйруктар же аткарылуулары мамлекеттерге, элдерге карата мезгил менен өзгөрөт. Бул өзгөрүүлөр болсо бир гана Аллаху тааланын билдирүүсү менен болот. Аллаху тааланын диндерге кылган өзгөртүүлөрү мына ушундай буйруктары менен болгон. Мисалы, Адам алейхиссаламдын убагында адам баласынан көбөйүүсү керек эле. Ошондуктан, бардык эркектердин өз кыз бир тууганы менен үйлөнүүлөрү адал жана уруксат эле. Адамдар көбөйгөндөн кийин буга муктаждык калган жок, ошентип, арам кылынган.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE