Пример HTML-страницы

Мурда Бишкекте интимдик кызмат көрсөткөн кыздар Баткендин аймагынан колго түштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЛейлек районунун Раззаков шаарында интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталып кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 16-апрель күнү Раззаков шаарында интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталган.

Whatsapp мессенджери аркылуу мурда вебкам-студиясы (аралыктан интимдик кызмат көрсөтүүчү жай) аркылуу интимдик кызматтарды көрсөтүп жүргөн кыздар Бишкек шаарында сойкулукка жана ыплас иш-аракеттерге аёосуз күрөш башталганына байланыштуу аймактарга качышып, оңой акча табуу максатында өз иштерин улантышкан. Анда кыздар саатына 100 доллар акчалай акыга интимдик кызмат көрсөткөнү белгилүү болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Лейлек районунун 19 жаштагы жана 21 жаштагы тургуну аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Жогорудагы кыздар Раззаков шаарында жашыруун өздөрүнө ишеничтүү болгон жарандардан буюртмаларды алып, интимдик кызматын көрсөтүп жүрүшкөн.

Учурда ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан мындан башка тийиштүү кылмыштарды, мыйзамсыз интим кызматын көрсөткөн адамдарды аныктоо боюнча кошумча иштер уланууда.

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын 1-декабрынан тарта Кыргызстанда бир дагы сойкукана болбошу керектигин билдирген.

«Силерге, урматтуу аткаруучулар, убакыт берем. 2023-жылдын 1-декабрынан баштап өлкөбүздүн аймагында бир дагы сойкукана, интимдик кызмат көрсөтүүчү үйлөр жана сауна болбошу керек. Бул үчүн акимдер, шаар мэрлери, губернаторлор, жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери жооп берет», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE