Пример HTML-страницы

Военно-Антоновка—Фрунзе жолу айдоочуларды убайымга салууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка жана Фрунзе айылдарынын ортосундагы асфальт жолдун тамтыгы чыгып, аң-чөнөктөр айдоочуларды убайымга салып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

«Күндүз аң-чөнөктөрдөн буйтап өтөбүз. Ал эми караңгы киргенде алар көрүнбөй калат. Себеби, көчө жарыктандырылган эмес. Мындан улам, далай жолу унаалардын алды талкаланып, дөңгөлөктөрү жарылган. Ушул жолго көңүл буруп койсо, жакшы болмок», — деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE