Пример HTML-страницы

Баткен шаарынын базары иретсиз соода-сатык кылгандардан тазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарындагы базар иретсиз соода-сатык кылгандардан тазаланды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, базар айланасындагы иретсиз соода кылып, жөө адамдардын жана унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук кылган соодагерлер Баткен шаарынын мэриясынын, муниципалдык департаменттин жана шаардык милиция кызматкерлери тарабынан жылдырылды. Бир канча эскертүүлөрдөн соң мыйзамсыз соода кылып жаткандардын жайы жокко чыгарылды.

Мындан ары бүгүнкүдөй рейд күн сайын өткөрүлүп, мыйзамга баш ийбеген соодагерлерге айып пул салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE