Пример HTML-страницы

Кара-Сууда Жогорку Кеңешитин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо кандай жүрүп жатат?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешитин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо уланууда. Бул тууралуу Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын төргасы Каныбек Кимсанов билдирди.

«Кечээ 158 адам добуш берген. Бүгүн жалпы шайлоо жүрүп жатат. Бизде 7 талапкер бар. Жалпы 62 шайлоо тилкелеринде добуш берүү жүрүүдө. Саат 10:00гө карата 3295 адам добуш берип, шайлоочулардын 3 пайызын түзгөн. Ал эми саат 12:00гө карата 6900 шайлоочу добуш берип, шайлоочулардын 6,16 пайызын түздү.

Шайлоо тилкелеринде техникалык бардык коопсуздуктар сакталган. Анча-мынча билдирүүлөр түшүп жатат. Шайлоо тилкесинин кызматкерлери карыган кишини колтуктап алыптыр деген билдирүү түштү. Эми ал карыган адам болсо, жардам берет да. Анан дагы бир тилкеде аялдар топтолуп турат деген билдирүү түштү. Аны укук коргоо органдары текшерип жатат», — деди К.Кимсанов.

Ал эми Ош шаары боюнча саат 12:00гө карата 8394 адам добуш берди. Бул шайлоочулардын 6,78 пайызын түзөт.

2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Ош округунан Айбек Осмонов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов келген. Алар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышты. Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо өтөт. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE