Пример HTML-страницы

Түптөгү туристтик маалымат берүүчү борбордун курулуш аяктоо алдында турат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТүп айылындагы муниципалдык 40 сотых жерге курулуп жаткан туристтик маалымат берүүчү борбордун 60 пайызы аяктады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, туристтер үчүн арналган имаратта маалымат алуучу, сувенир сатуучу жай жана жуунучу бөлмөсү камтылат.

Долбоордун куратору Рысбек Сыдыкбаевдин айтымында, ушул сыяктуу дагы 3 район, 1 шаарга курулуп жаткан туристтик маалымат берүүчү борбор үстүбүздөгү жылдын июнь айынын соңуна чейин пайдаланууга берилет.

«Облустун 4 району менен Балыкчы шаарына туристтик маалымат берүүчү борбордун курулушу өткөн жылы башталган. Учурда Түп айылындагы имарат темир конструкция менен тургузулуп, ички бөлмөлөрү, электр монтаждоо, сантехникалык жумуштар жүрүп жатат. Алдыда сыртка асфальт басуу, таштаман төшөө жумуштарын аткаруу күтүлүүдө. Жалпысынан иштин 60 пайызы аткарылып, 15-июнда пайдаланууга берүү мерчеми турат. Ошондой эле Теплоключенка, Тосор, Бөкөнбаев айылында курулуп жаткан туристтик тейлөө борборлору июнь айынын аягына чейин бүткөрүлөт», — деди Р.Сыдыкбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE