Пример HTML-страницы

Turmush: Бурана дарыясы ташкындады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНөшөрлөп жааган жаандан улам Чүй районунун Бурана айыл аймагындагы Бурана дарыясы ташкындап, өз деңгээлинен ашып кеткен. Тургундар бул көрүнүштү видеого тартып алышкан.

Азыркы мезгилге карата Жаңы-Жол жана Ак-Бешим айылдарындагы арыктар бир нече жолу тазаланган.

«Кечээ жамгыр түштөн кийин саат 13:00дө башталып, бизге саат 15:00дө жетти. Жаан тоодо бизден эрте жааса керек. Ошол жактан топтолуп, талаалардагы суулар кошулуп келди. Техникалардын жардамы менен тазалап, суу жээктерин бекемдедик. Азыркы учурда абал туруктуу. Негизи Бурана дарыясы кооптуу болуп эсептелет. Буга чейин ӨКБ менен биргеликте кооптуу жерин бекемдегенибиз жакшы болгон экен. Ошол чоң жардам берди», — деди Бурана айыл өкмөт башчысы Бактыбек Абдрасулов.

Ал эми Султан Ибраимов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Абдрахманов: «Кечээ бизде Алчалуу, Кошой жана башка айылдарына суу ташкыны келип, кооптуу абал жаралды. Суунун нугун башка жакка буруп, бир катар иштер жасалды. Бүгүн дагы суунун жээктерин бекемдөө иштери жүрүп жатат», — деди.

КР президентинин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн берген маалымат боюнча, Ысык-Ата, Панфилов, Москва, Аламүдүн, Сокулук райондорундагы сел өтүүчү каналдар тазаланып, жээктерин бекемдөө иштери аяктады. Натыйжада 4300 метр нук тазаланып, 317 турак жай, 2 мектеп, 1 ФАП, 2 мечит, 9 сарай, 67 гектар айдоо жер, 1 көпүрөнү сел алып кетүү коркунучтары жоюлду.

Сел өтүүчү каналдардын нугун тазалоо ишине ӨКМдин оор техникасы тартылып, Панфилов районунда Курама, Ысык-Ата районунда Сын-Таш, Москва районунда Төмөн-Суу, Сокулук районунда Кызыл-Туу айыл аймактарында иш алып барды.

Эми Жайыл районундагы Сары-Булак айыл аймагында тазалоо жана бекемдөө иштери жүрмөкчү.

————

Буга чейин 2024-жылдын 23-апрелинде Чүй облусуна караштуу Чүй районунун Султан Ибраимов, Бурана жана Онбир-Жылга айыл аймактарында сел жүргөндүгү айтылган. Тактап айтканда, Чүй районундагы Карагул коктусунан сел түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE