Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Тоголок Молдо айыл аймагында жайытка барчу жолдор оңдолду

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагында жайытка барчу жолдор оңдолуп, шакекче көпүрөлөр коюлду. Бул тууралуу айыл аймактан кабарлашты.

Маалыматка караганда, мал суу иче турчу булактардын көздөрү тазаланып, кеңейтилди. Жаны-Талап айылынын Кыргоо жайлоосунун суу жеп кеткен жолуна шагыл төгүлүп түздөлсө, Кызыл-Белес айылынын Сагызган-Уя чөлкөмүндөгү суу жеп кеткен жолго3 метрлик көпүрө коюлду. Тоголок Молдо айылынын Шорго жайлоосунун Таш-Булак булагы тазаланып, мал суу иче турчу 3 бассейн жасалды. Ак-Чий чөлкөмүнө көпүрө орнотулду.

Мындан тышкары, аталган айылдагы Кичи-Бооралбас жайлоосунун жолдору оңдолуп, кооптуу жерлерине көпүрөлөр салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE