Пример HTML-страницы

Ноокаттык Алимбаевдердин үй-бүлөсү көмүр кендеги үлүшүнөн кол жууганын айтышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushИшкер — Ноокат районунун тургуну Шаимбек Алимбаев Баткен облусунун Кадамжай районундагы Уу-Таш көмүр кениндеги үлүштөн кол жууганын билдирди. Анын үй-бүлөсү бүгүн, 26-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында кайрылуу жасады.

Анын айтымында, 2017-жылы Шабданбек Алимбаев Уу-Таш көмүр кенин ачып, 2019-жылы ашказан рагынан каза болуп калган. Андан пайдаланган кызыкдар адамдар жасалма документтер менен «Уу-Таш» ЖЧКсын кайра каттоодон өткөрүп, «Ысман-Тоо» ЖЧКсы кылып өзгөрткөн.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында «Уу-Таш» ЖЧКсы Шабданбек Алимбаевге катталганы көрсөтүлүп турат. Бирок геология башкармалыгында «Ысман-Тоо» ЖЧКсы болуп катталып калган.

«Мен Уу-Таш көмүр кенин ачып, негиздеген Шабданбек Алимбаевдин бир тууган агасы болом. Ушул кен боюнча 4 жылдан бери талашып жүрөм. Маселен, Н.Б. аттуу жаран көмүр кенге барып, ошол жерди ээлеп алган. Жасалма документтер менен кенди жакындарына каттап алган. Ошол боюнча укук коргоо органдарына кайрылсак, ишти атайлап созуп жүрүп, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин анан сотко ашырышты. Соттук иштер болсо 2021-жылы башталган. Көмүр кенди жасалма документтер менен өткөрүп алгандары далилденгенден кийин дагы сотко кайрылдык. Жогорку сот ишти 4 жолу биринчи инстанцияга кайтарды. Негизсиз кайтарып коюшту. Ошентип жүрүп бул иштин да даттануу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин 2023-жылы декабрда сот «Силердин соттошконго акыңар жок» деп мыйзамсыз чечим чыгарып жатат.

Кийин Н.Б. көмүр кенди 520 миң долларга Жусупбек Коргонбай уулуна [Жогорку Кеңештин мурунку депутаты] саткандан соң эртеси эле 500 миң долларга жаңы эки экскаватор алып, иштетип баштады. Ошентип кендин мыйзамдуу ээси — менин иним Шабданбек Адимбаевдин үй-бүлөсүнө жетпей калды. 4 баласы жетим калды. Ошондуктан президент Садыр Жапаровдон, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул маселеге көңүл бурууну суранабыз», — деди ал.

Маркум Шабданбек Алимбаевдин жубайы Нурила Эргешова да акыйкат чечим күтүп жатканын кошумчалады.

2023-жылдын март айында социалдык тармакка Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун катышуусунда видео тараган. Анда депутат кен казган компанияны 520 миң долларга сатып алганы айтылган. Кийинчерээк Жусупбек Коргонбай уулу жалпыга маалымдоо каражаттарына ортомчу гана болгонун, инвестор башка адам экенин айткан.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Ысман-Тоо» ЖЧКсынын жетекчиси — Асанбеков Исламбек Кыштакович, түзүүчүлөрү — Асанбеков Исламбек Кыштакович жана Ашыркулов Ырысдөөлөт Мендиалиевич. Компания Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында катталган. 2023-жылдын 26-октябрында кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: таш көмүр казуу.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Уу-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Маматова Салтанаткан Макановна, түзүүчүлөрү — Жунушалиев Адилет Жумагазиевич, Маматова Салтанаткан Макановна жана Алимбаев Шабданбек Бекмуратович. Компания 2018-жылы 9-октябрда кайра каттоодон өткөн.

Жер казынасын пайдалануучулардын бирдиктүү электрондук реестриндеги маалымат боюнча, 2021-жылдын 26-августундагы лицензия 2041-жылдын 11-июлуна чейин Уу-Таш көмүр кениндеги тилке үчүн «Ысман-Тоо» ЖЧКсына берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE