Пример HTML-страницы

Ашпозчу Пери Молдосанова атайын сынакта командасы менен 1-орунга ээ болду

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районуна караштуу Жыламыш айылындагы Нуркамал Жетикашкаева атындагы мектептин ашпозчусу Пери Молдосанова райондо өткөн ашпозчулардын сынагында командасы менен 1-орунду багындырды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1984-жыл Сокулук районунун 1-Май айылында жарык дүйнөгө келген.

«Мектепти аяктагандан соң Жангарач (Жыламыш) айылындагы жигитке турмушка чыктым. Учурда ушул айылда жашап, эмгектенип келебиз. Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 20 жыл болду. 2 уул, 1 кызды өстүрүп жатабыз.

Өзүм Жыламыш айылындагы Нуркамал Жетикашкаева атындагы мектепте ашпозчу болуп иштегениме 2 жыл болду. Буга чейин эч бир жерде иштеген эмесмин. Үй кожойкеси болуп, балдарды өстүрүп келдим», — деди ал.

Ал мектепте ашпозчулук жумушунан сырткары, жеке буйрутмаларды алып, булочка, каттама жасап кошумча киреше табат.

«Мектепте ашпозчу болуп иштеген аябай жакты. Иштегениме 2 гана жыл болсо да Сокулук районунда жакында эле өткөн мектеп ашпозчуларынын сынагында командабыз менен 1-орунду алдык. Бул биз үчүн сыймык жана стимул болду.

Мамлекеттен бөлүнгөн акча менен даамдуу кылып жасаганга аракет кылам. Балдар баарын түгөтүп жешет. Күнүнө 88 окуучуга 20 литр тамак жасайбыз. «Тамагыңыз даамдуу» деп аябай сүйүнүп жеп кетсе ашпозчулар абдан ыраазы болуп калабыз.

Өкмөткө балдарга болгон ысык тамак боюнча сунушум бар. Ушул ысык тамакка витаминдүү салаттарды кошуп беришсе жакшы болмок. Мисалы сабиз, кызылчадан салаттар өсүп келе жаткан окуучулар үчүн абдан пайдалуу болот.

Келечектеги максатым мыкты ашпозчу болуп, бул өнөрдү дагы да өркүндөтсөм деген оюм бар. Хоббим болсо тамак жасоо, булочка жасаганды жакшы көрөм. Бош убактымда элден буйрутма алып булочка, кекс, каттама жасап кошумча киреше табам», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE