Пример HTML-страницы

Москва районунун борборундагы айыл аймакта айлана-чөйрө иретке келтирилүүдө

Акыркы жанылыктар

TurmushАйлана-чөйрөнү көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Нарзан айыл аймагында бак-дарактарды санитардык тазалоо, актоо жана көчөлөрдү иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев билдирди.

ААРден кийин Беловодск жана Биринчи май айыл аймактары бириктирилип, жаңы аталыштагы Нарзан айыл өкмөтү түзүлгөн.

«Райондун акими Ниязбек Козуевдин тапшырмасынын негизинде көрктөндүрүү, жашылдандыруунун 3 айлыгынын алкагында айыл аймактарды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Ага 300дөн ашуун жергиликтүү тургундар катышууда. Жакында эле алган таштанды ташуучу унаа жарандардын жумушун жеңилдетүүдө», — деди айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE