Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда 700дөн ашык үйдү суу каптады

Акыркы жанылыктар

Turmush20-апрелден 24-апрелге чейин нөшөрлөгөн жаандан улам Жалал-Абад облусунун аймагында 22 сел кырсыгы катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Өзгөчө кылдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, табийгат кырсыгында 705 турак үйдү, 5 социалдык объектини суу каптады.

«20-апрелден берки 4 күн ичинде облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында нөшөрлөп жааган жаандан улам сел кырсыктары орун алган. Анын кесепетинен 705 турак жайдын короолорун сел суулар каптагандыгы аныкталды, анын ичинен 17 турак үйдүн ичине суу кирген. 2 үй жашоого жараксыз, авариялык абалга кептелген. Мындан сырткары сел суулары 5 социалдык объектини каптап, 3 жеке менчик унаага зыянын тийгизген. Аны менен катар 43 чарбалык курулуш, 14 чакырымдан ашуун ички чарбалык жолдор бузулган. Кыян суу 10 чарбалык көпүрөнү, 5 ийри мүйүздүү, 77 майда жандыкты, 626 үй канатуусун агызып кетти. Мындан сырткары 88 гектар айдоо жери, 4750 метр сел өтүүчү каналдар селдин кесепетинен жабыркады.

Жабыр тарткан аймактарда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 434 турак жай заласыздандырылды. Аталган аймактарга ӨКМден 32 бирдик автоунаа, 342 куткаруучу, 34 мотопомпа тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Селден келтирилген материалдык чыгымдарды атайын түзүлгөн жумушчу топ эсептеп жатат.

Сузак районуна үчүнчү даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Маалыматка караганда, 20-апрелден 24-апрелге чейин жааган жамгырдан улам Сузак районунун Барпы, Кызыл-Туу,Сузак айыл өкмөттөрүндө турак жайлардын королорун сел суулар каптаган. Көк-Арт дарыясында суунун дээңгели көтөрүлүп, бир топ аймактарга кооптуулук жаратканды үчүн Сузак районуна райондук Жарандык коргоо башчысынын буйругунун негизинде 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Ошондой эле Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE