Пример HTML-страницы

Баткендиктер Улуу Жеңиш майрамын ооруктун 93 ардагери менен тосушту

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 9-майда Баткен шаарында Улуу Жеңиштин 79 жылдык майрамы эстеликке гүчамбар коюу менен башталды.

Маалым болгондой, майрамдык салтанатка президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баш болгон жетекчилер, согуш учурунда оорукта эмгектенген ардагерлер жана мекеме, ишканалардын жетекчилери катышты. Согушта курман болгон жоокерлердин урматына арналып, куран окулду. Майрамдык салтанаттын кийинки бөлүгү Баткен шаарындагы борбордук стадиондо уланды.

Баткен шаары жана Баткен районунун аймагынан согушка 4 миңдей жоокер аттанган болсо ошонун 3028и кан майданда баатырларча курман болушкан. Ал эми согуштан аман келген 972си тилекке каршы жылдан жылга акка моюн сунуп, азыркы күндө арабызда эч кимиси жок.

Кан күйгөн согушта жоокерлерди жана элди азык-түлүк менен камсыз кылып, оор шартта оорукта эмкектенген тылдын ардагерлеринин көпчүлүгү ааламдан өтүп кетти. Азыркы күндө Баткен шаарында тылдын ардагерлери Жаанбай Жороев менен Мамыт Садыков бар. Облус боюнча ооруктун 93 ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE