Пример HTML-страницы

Ноокатта 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектептин алдына асфальт төшөп беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр гимназиянын алдына асфальт төшөп беришти.

Райондогу Мурза Гапаров атындагы жөндөмдүү балдар жатак-гимназиянын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү жакынкы жылдардан бери мектептин маселелерин чечүүнү салтка айлантып алышкан. Мектеп директору Акмарал Тиллаева быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр да көп жылдан бери чечилбей келген маселени чечип беришкенин айтат.

«Бүтүрүүчү окуучулардан 8 жигит демилге көтөрүп, демөөрчү болуп, гимназиянын ашканасынын алдына 20 тонна асфальт төшөп беришти. Ошондой эле 60 жылдан бери турган эски дарбазаны жаңысына алмаштырышты», — дейт мектеп директору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE