Пример HTML-страницы

Келгиле тооба кылып калалы! 

https://kyrgyzcha.site/?p=55578&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Рамазан айыңар мубарак болсун!

 

Мусулман адам өмүрүнүн акырына чейин бир Кудайга сыйынып, Анын буйруктарын аткарышы милдеттүү. Айрыкча ыйык айда өтө аракет кылып умтулуусу зарыл. Алла Таала кээ бир мезгилдерди башка мезгилдерге караганда жакшы амалдардын сообу чоң жана көп жазыларын белгилеп койгон. Алардын ичинде Ыйык Рамазан айы жөнүндө Куранда Алла Таала: «Бул айда адамдарга түз жолду көрсөткөн жана чындык менен жалганды ажыратуучу Куран түшүрүлгөн» Бакара 185-аят. Анда эмесе келгиле туугандар бул ыйык айды кубанычтуу, көңүлдүү тосуп алалы, ушул айды бизге насип кылгандыгы үчүн Аллага шүгүрчүлүгүбүздү билдирип, акыр аягына чейин жакшы амалдарды кылышыбызга жардам тилеп жана алардын кабыл болушун сурайлы!

Бул айда напсибизди тыйып, Кудайдын буйруктарына баш ийип, таквалыкта өткөрөлү. Кетирген кемчиликтерибизди, кылган күнөөлөрүбүздү Алла кечирсин, ылайым өмүрүбүз өткөнчө мындан кийин бул каталарыбыз кайталанбасын! Албетте биздин өмүрүбүздүн Кудайдын таатында (буйруктарында) өткөргөн күндөрүбүз гана пайдалуу болуп эсептелинет.

 

Келгиле тооба кылып калалы!

 

Алла Таала Куранда: «Эй момундар! Баарыңар Алла Таалага тооба кылгыла, балким силер бактылуу (ийгиликте) болосуңар»,- деп кабар берет жана биз ушул ыйык айды кылган күнөөлөрүбүз үчүн тооба кылып өткөрөлүк. Тилекке каршы канча деген туугандарыбыз ушул айды өткөргүсү келишкен, бирок тагдырга жазылган экен кабырда камалып, же жакшы амал кылып сооп табалбай, же кылган күнөөлөрүнө тооба кыла албай өкүнүчтө калып олтурат. Ырайымдуу, Мээримдүү, Кечиримдүү, Улук Алла бизди тозок отунан сактасын! Ал эми биз болсо Кудайга шүгүр бул айды саламатта тосуп олтурабыз. Эгерде кимибиз Кудайдын буйругуна баш ийбей, билбестиктен арам иштерди жасасак, анда тооба кылып күнөөлөрүбүздүн кечиришин сураналы, мындан кийин арам иштерди жасабаганга убада берели. Албетте ар бир инсан үчүн тооба эшиги анын ажалы келгенче ачык.

Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам мындай деген: «Кудуреттүү Улук Алла анын тообасын акыркы деми (нафасы) чыккыча кабыл кылат»,- (мындайча айтканда жаны чыкканча)».

Ким болбосун, канчалык чоң күнөө жасабасын бул мүмкүнчүлүктү коё бербесин. Улук Алла пенделерине ырайым кылып, кең пейилдик менен кылган күнөөлөрүнө тооба кылып, кечиришин сурап дуа кылуусун каалайт.

Ошон үчүн айт: «Эй! Өз жандарына зулум кылган пенделерим, Алланын ырайымы, мээриминен үмүтүңөрдү үзбөгүлө! Акыйкатта Алла Таала күнөөлөрдү толугу менен кечирет. Албетте Ал Кечиримдүү, Мээримдүү» Зумар: 53.

Ошон үчүн биз күнөөбүз көп, болоору болду, эми эч бир кутулуу жок, кечирим болбойт го деп үмүтүбүздү үзүп, андан ары күнөөлүү иштерди жасап жүрбөйлү. Мээримдүү Кудай Тааланын каарын келтирбейли. Тескерисинче биз Теңирибиз кечиргенди жакшы көрөрүн жакшы билишибиз керек. Албетте Ал Ырайымдуу, Мээримдүү жана эгерде биз чын ниеттен жалгыз Өзүнөн тооба кылып сурансак, тообабыз кабыл болооруна шек жок. Бирок пендесинин күнөөсүн Алла Таала качан ал белгилүү шарттарды аткарганда гана кечирет. Ал үчүн биз тооба кылышыбыз керек. Тооба кылыштын үч шарты бар:

1. Күнөө жасаганын билип, мойнуна алыш.

2. Кылган күнөөлөр үчүн катуу өкүнүш.

3. Кайрадан күнөөлөрдү жасабаш.

Эгер бул үч шарттын бирөөсү аткарылбаса, анда тооба кылынды деп эсептелинбейт. Эгер күнөө ичара кишилер менен болгон болсо, анда тообанын төрт шарты болот: жогоруда айтылган үчөө жана ошол кишинин көңүлүн алуу. Мындайча айтканда эгер алыш-бериш менен болсо, анда аны кайрып берүү жана эгер доомат коюлган болсо анда кечирим суроо керек. Берекелүү Улук Алла, Кайрымдуулардын Кайрымдуусу, Мээримдүүлөрдүн Мээримдүүсү албетте тообо кылуучулардын тообасын кабыл кылып, күнөөлөрүн кечирет. Андай болсо келгиле ырайымдын, кечиримдин айында Аллага тообо кылып калалы!

 

Келгиле ушул айда бири-бирибизди кечиришип, сабырдуулукта бололу!

 

Мусулман адам ар дайым башкалардан кечиримдүүлүгү жана элге жакшылык кылуусу менен айырмаланып турат. Ал ушул ыйык айда ким ага жамандык жасагандардын баарын кечиришке умтулат. Кечирим деген – бул андан өч албоо, жана ким сага жамандык кылса, ага кең пейил болушубуз зарыл.

Алла Таала Куранда:

«Бирок ким кечирип, өз ара мамилени оңдосо, ал үчүн сооп жазылат. Анын сообу Аллада» Аш-Шуура 40-аят. Кечире алгандар үчүн Алланын убадасы чоң. Алла кечиргенди жакшы көрөт жана пендеси Кудайынын ага карашын каалагандай, анын элге болгон мамилеси да ошондой болушун Алла Таала каалайт. Алла Таала пендесин кечиргенди жакшы көргөндөй, ал да Алланын башка пенделерин кечирсин. Алла Таала пендесине кең пейил болушту жакшы көрөт. Ал да башкаларга кең пейил, айкөл болсун. Албетте жасаган амалдар үчүн сооп жазылат.

Кудайдан корккондор (таквалар) жана башка Алланын пенделерин кечиргенге, аларга кайрымдуулук, жакшылык кылышка умтулгандар үчүн Алла аларды кечиришин жана Бейишти убада кылды. Куранда Алла Таала: «Кудайыңардын кечиримине жана Кудайыңардан корккондор үчүн даярдалган кенендиги асман менен жердей болгон Бейишке шашылгыла! Алар колунда бар күндөрдө да, жок күндөрдө да малын сарп кылгандар, ачуусун кармап, элди кечире билгендер. Акыйкатта Алла Таала жакшылык кылгандарды жакшы көрөт» Али Имран 133,134-аяттар.

Ылайым элдердин кечирүүсү, ар бир инсанды-ким сага тили менен же иши менен зыян келтиргендерди өзүнө алсын. Ар бир адеп ахлагы бийик инсандардан гана кечирим болсун. Аларды кечиргенде гана, анын аларга мээрими артып, аларга жакшылык кылышка умтулуп, жамандыктан токтотот. Ылайым мына ушундай кишини Алла кечирип, ал үчүн ыраазычылыгы байкуш пенделерден эмес, Кайрымдуу Алладан болсун.

Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам мындай дептир: «Кечирүү даражаны көтөрөт. Кечиргиле, Алла силердин даражаңарды көтөрсүн!». Атактуу уламалардын бири: «Татыктуу, ардактуу кишилер айрыкча өч алууга шашылбайт», — деген экен. Андай болсо келгиле кечирели! Жакшылыктын айында, жакшылык кылышка тоскоол болгон жамандыкты таштайлы.

 

Келгиле бул айда Куран окуп өткөрөлү

 

Бул Ыйык айда алгачкы Куран аяттары пайгамбарыбызга түшө баштаган. Эмесе Рамазан айында акырына чейин Куран окуп өткөрөлү.

«Рамазан айы бул айда адамдарга түз жолду көрсөткөн жана чындык менен жалганды ажыратуучу Куран түшүрүлгөн» Бакара 185-аят.

Ошон үчүн пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам жана анын сахабалары, жана таабъиндер (сахабалардан кийинки муун) түнкүсүн Рамазан айында Куран окуп, анын маанисин түшүнүшкө умтулууда өткөрүшкөн. Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васалламдан: « Алланын Китебинен бир тамга окуган үчүн бир жакшы иштин сообу жазылат, ал эми ар бир кылынган жакшы амал үчүн он эселенип берилет. Жок мен «алиф, лаам, миим» бир тамга деп айтканым жок, «алиф» бул бир тамга, «лаам» бул бир тамга, жана «миим» бул бир тамга»,- деп айткан. Ошондой эле Бухарий жана Муслимдин «Ас-Сахих» деген жыйындысында ибн Аббастан (андан Алла ыраазы болсун андан) «Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам эң жоомарт, берешен киши болгон. Айрыкча берешен болгон Рамазан айында качан ага Жабраил келип, Куран үйрөтүп турганда. Ал эми Жабраил Алайхис-салам (периште) болсо ага Рамазан айынын ар түнү келип турган»,-деп айткан. Мына ошентип пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васаллам Рамазан айынын түнүндө, андан Куран үйрөнүп турган. Эгерде мусулман киши күндүзү орозо кармап, түнкүсүн Куран окуса, анда Кыямат Күнү аны тозоктун отунан коргоочу жана күнөөсүн кечирүүсүн сурай турган эки шапаат кылуучусу (куткаруучу, болушуучусу) пайда болот. Алар кармаган орозосу жана окуган Кураны. Хадисте мындай деп айтылат: «Орозо жана Куран Кыямат Күнү Кудайдын пендесине шапаат кылат. Кармаган орозосу мындай дейт: «Ээ Алла! Мен муну күндүзү тамак жеш, суу ичиштен ажыраттым». Куран болсо: «Мен аны түнкү уйкудан калтырдым жана ал үчүн өтүнөм…». Жана алардын өтүнүчтөрү кабыл кылынат». Андай болсо келгиле ага-эжелер жана ини-карындаштар Рамазан айында Куранга кайрылалы, ага жакындайлы, угалы, окуйлу, маанисине түшүнүп күнүмдүк жашоо-тиричилигибизде колдонолу. Анткени Кыямат Күнүндө Алла биздин күнөлөрүбүздү кечирип тозоктун отунан куткарганча, ар бирибиз шапаат кылуучуга муктажбыз. Албетте тозоктун оту чыдагыс.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE