Пример HTML-страницы

Ыйык Рамазан айы 

https://kyrgyzcha.site/?p=55587&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ыйык Рамазан айы

 

Пенделерин таат-ибадаттар аркылуу Өзүнө жакындаткан, алар аркылуу күнөөлөрүн кечирип, даражасын көтөргөн мезгилдерди жараткан Улук Алла Таалага мактоолор болсун! Өзүнүн пенделерине буйруктарын аткарганга жеңилдик берип, ар дайым мээримин төгүп жана берекесин берген «Бир Алладан башка сыйына турган чыныгы ыйык зат жок»,- деп күбөлүккө өтөм! «Мухаммад Анын кулу жана элчиси жана бардык жакшы амалдарды аткаргандардын эң алдыңкысы»,- деп күбөлүк берем! Пайгамбарыбыз Мухаммад Саллаллоху Алайхи Васалламга жана өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин Алланын буйруктарын аткарып ар дайым таат-ибадатта болушкан, айрыкча ыйык Рамазан айында Аллага умтулушкан анын жакын туугандарына жана сахабаларына Алланын салават-саламдары болсун!

 

 

 

Алланын элчиси, ага Алланын салават-саламдары болсун, айтканы имам Бухари жана имам Муслимдердин эки сахих китептеринде келтирилет:

«Ислам беш (түркүккө) негизделген:

1. «Алладан башка чыныгы илах жоктугуна жана Мухаммад Анын

элчиси экендигине күбөлүк берүү.

2. Намаз окуу.

3. Зекет берүү.

4. Рамазан айында орозо кармоо.

5. Кимдин мүмкүнчүлүгү болсо Алланын Үйүнө (Каъбага) хаж кылуу».

 

Бул хадис Исламдын беш түркүгүн ичине камтыйт

БИРИНЧИ ТҮРКҮК — Алладан башка чыныгы илах жоктугун жана Мухаммад анын элчиси экендигин таанып-билүү.

«Лаа илааха иллаллоху» – чындыгында Алладан башка эч кимге сыйынбаш керек экендигин билдирет.

«Лаа илааха» – «чыныгы илах жок» – Алладан башка кимдир-бирөөлөргө сыйынууну четке кагат.

«Иллаллаху» – «Алладан башка» – Тендеши жок жалгыз Аллага гана ибадат кылууну тастыктайт.

Аллах Таала айтты:

«Аллах, периштелер жана илим ээлери (Алланын) адилет өкүм кыла турганына жана Андан башка илах жоктугуна күбөлүк беришти. Андан башка илах жок, (Ал) Кудуреттүү, Даанышман» (Аль-Имран -18).

Алладан башка чыныгы илах жоктугун таанып-билүү өз ичине үч бөлүктү камтыйт:

Биринчи: — Монотеизм. Таухидди таанып-билүү, бир гана Аллах ибадат кылууга татыктуулугун жана ибадаттын баардык түрүн Аллах Таалага арноонун зарылдыгын таанып-билүү; Алладан башка эч кимге, эч нерсеге ибадат кылбаш керек экендигин таанып-билүү. Ушул үчүн Аллах адамзатты жараткан. Муну Аллах Тааланын сөздөрү көргөзөт:

«Жин менен адамзатты бир Өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн жараттым» (Заррият-56)

Таухидке чакыруу менен Аллах элчилерди жиберип, китептерди түшүргөн:

«Чындыгында ар бир үммөткө: «Аллага сыйынгыла жана тагуттан алыс болгула»,- деп элчи жибердик». (Нахл-36)

Политеизм – Бул Таухидке карама-каршы нерсе. Эгерде Таухид бир гана Аллага сыйынууну билдирсе политеизм (көп илахтуулук, ширк) Аллах менен бирге кимдир бирөөнө сыйынууну билдирет. Башкача айтканда, кимде-ким өз эрки менен Алладан башка бирөөнө ибадат кылса (намаз, орозо, дува, назир, курмандык чалуу ж.б.) ал политеизмге (көп илахтуулука, ширкке) кирип кетет. Бул болсо эң чоң күнөөлөрдөн болуп, баардык жакшы иш-аракеттерди жок кылат. Аллах Таала айтты:

«Эгерде алар(Аллага) шерик кошушса алардын кылган амалдары(ибадаттары) жоюлуп кетет» (Анъам-88)

Экинчи:- Бир гана Алланын кудуреттүүлүгү. Аллах Тааланы Жаратуучу, Берүүчү, Тирилтүүчү, Өлтүрүүчү, баардык иштерди Башкаруучу экендигин жана асмандар менен жерде падышалык Ага гана таандык экендигин таанып-билүү адамдын табигый фитратынан . Аллах адамзатты ушундай кылып жараткан. Адамдын Аллага сыйына турган табигый сапатын Мухаммад пайгамбар, ага Алланын салават-саламдары болсун, даъват кылган мушриктер да таанып билишкен. Аллах Таала айтты:

«Айткын: «Ким асмандан жана жерден ырыскы берет? Ким (силерге) угууну жана көрүүнү берет? Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарат жана иштерди башкарып турат? Алар: «Аллах»,-деп айтышат». (Юнус-31)

Таухидди караңгы, билимсиз адам гана кабыл кылбайт. Көкүрөгүндө кабыл алганы менен текеберчилик жана каршылык менен гана четке кагышат:

«Нафсилеринде (жүрөктөрүндө) ишенип турушса да зулумдук жана текеберчилик менен аны(муъжизаларды) жалганга чыгарышты» (Нахль-14)

Үчүнчү: Эң жакшы ысым-сыпаттарга ээлик кылууда Алланын жалгыздыгы.

Аллах Өзүн-Өзү атаган жана Мухаммад пайгамбар, ага Аллахтын салават-саламдары болсун, атаган ысым-сыпаттарды сөзсүз, кыйшаюусуз, бурмалоосуз кабыл алуу. Алла Таала айтты:

«Алланын эң жакшы ысымдары (бар) Ага ошол ысымдар менен дува кылгыла» (Аъраф-180)

Аллах Таала «Шура» сүрөөсүндө айтты:

«Ага окшош эч нерсе жок жана Ал Угуучу, Көрүүчү» (Шура-11)

«Алладан башка илах жок» дегендик бул жогоруда айтылган үч бөлүктү кыйшаюусуз, сөзсүз кабыл алууну талап кылат.

Кимде-ким «Алладан башка илах жок» – деп, маанисин түшүнүп жана ушуга тууралап иш-аракет кылса, ширкти четке кагып, таухидке ыйман келтирсе ал чыныгы мусулман. Ал эми кимде-ким ушул сөздөрдү айтып, иш-аракеттерин жүрөгүндө ишеними жок туруп кылса, анда бул мунафык (эки жүздүү). Ким бул калиманы айтып, бирок бул сөздөрдүн маанисине каршы иш-аракет кылса ал каапыр.

«Мухаммадур-расуулуллохи» – «Мухаммад Алланын элчиси». Бул сөздөрдүн мааниси – Мухаммад пайгамбар, ага Аллахтын салават-саламдары болсун, алып келген нерселерди кабыл алууну жана урматтоону далилдейт. Бул болсо Алланын буйруктарын аткарууну, тыюу салган нерселеринен алыс болууну жана адам баардык иш-аракеттеринде пайгамбардын алып келген шариаты боюнча иш-аракет кылууну билдирет.

Аллах Таала айтты:

«Албетте силерге өзүңөрдөн элчи келди. Ага силердин кыйналууңар оор тиет. Силерге тынчсызданат, му’миндерге жумшак, ырайымдуу» (Тауба-128)

Аллах Таала айтты:

«Кимде-ким элчиге баш ийсе (ал) албетте Аллага баш ийди» (Ниса-80)

«Аллага жана элчисине моюн сунгула, балким силер ырайым кылынаарсыңар» (Аль-Имран-132)

«Мухаммад Алланын элчиси жана аны менен бирге (болгондор) каапырларга катуу, өз-ара мээримдүү» (Фатх-29)

ЭКИНЧИ жана ҮЧҮНЧҮ ТҮРКҮК: намаз окуу жана зекет берүү.

Аллах Таала айтты:

«(Алар) бир Аллага гана динди чын ыхлас кылып, ханиф (болушуп) ибадат кылуулары жана намаз окуулары, зекет берүүлөрү үчүн буйрулушкан. Ушу туура дин» (Баййина–5)

Жана Куранда айтылат:

«Намаз окугула, зекет бергиле жана рүкү кылуучулар менен бирге рүкү кылгыла(сыйынгыла)» (Бакара-43)

Зекет байлардан алынып муктаж болгондорго берилет. Бул Исламдын эң сонун принциптеринин бири, ушул себептүү коомдо тилектештик жана боорукердик

пайда болот. Ушул принципке байланыштуу ар бир муктаж болгон адамдын байлардын байлыгында акысы бар.

ТӨРТҮНЧҮ ТҮРКҮК: Рамазан айында орозо кармоо жөнүндө болсо төмөндө толук баяндап беребиз.

БЕШИНЧИ ТҮРКҮК: Хаж – мүмкүнчүлүгү болгондорго Меккени, Каъбаны зыярат кылуу.

Аллах Таала айтты:

«Кимдин жолго мүмкүнчүлүгү болсо Аллах үчүн( Алланын) Үйүнө (Каъбага) хаж кылуу адамдарга (милдет) болду. Ким каапырдык кылса (хажды жокко чыгарса) – чындыгында Аллах ааламдарга муктаж эмес» (Аль-Имран-97)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE