Пример HTML-страницы

Сузакта 61 жаштагы кишинин малын уурдап, өзүн өлтүрүп кетишкен. Шектүү кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад милициясы тарабынан малын уурдап, ээсин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2024-жылдын 16-апрелинде саат 19:30 чамасында Сузак РИИБге Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну Р.Б. кайрылып, анда Эшме айылында 60 жаштагы Г.И. аттуу жарандын каза болуп калгандыгын билдирген.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө 1963-жылы туулган Г.И.нин жансыз денесине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошондой эле, анын баш сөөгү сынган абалда болгондугу аныкталган.

Ал эми окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда И.Г.нын бөлмөсүн жылытуу үчүн курулган мештин кыр бөлүгүндө канга окшош суюктуктун тагы табылган. Ошондой эле чачтын сүрүлүп жабышып калган издери аныкталган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси менен (адам өлтүрүү) катталып, тергөө иши башталган.

Алынган жана чогултулган ыкчам маалыматтардын негизинде Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Сузак районунун 1968-жылы туулган тургуну И.Б. кармалып, тергөө кызматына камсыздалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр такталган: И.Б. 2024-жылдын 15-апрелинде кечки саат 19:00 чамасында Эшме айылында мал издеп жүрүп, каза болгон Г.И. менен сөз талаша кеткен. Андан кийин колундагы камчысы менен аны баш тарабына уруп жиберген. Жабырлануучу эс-учун жоготкон учурда анын короосунда жүргөн 12 баш малды көргөн. Андан кийин ал малды уурдап айдап кеткен.

Ошондой эле шектүүнүн буга чейин бир нече жолу мал уурулук фактылары менен соттолгондугу такталган.

Сузак райондук соту тарабынан шектүү И.Б.нын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Ал эми мал боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө катыштыгы бар делген адамдардын баары Сузак РИИБдин тергөө кызматына камсыз болгон.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жана ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE