Пример HTML-страницы

Россиянын космонавты Сергей Корсаков Чолпон-Атадагы Космонавттар аллеясына балаты отургузду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-апрель күнү Чолпон-Ата шаарына Россия Федерациясынын «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясынын космонавт-сыноочусу Сергей Корсаков келди.

  • Сергей Корсаков 1984-жылы Фрунзе шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында «Союз МС-21» космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Иш сапарынын алкагында Сергей Корсаков А.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясында болду. Ал окуучулар менен жолугушуу өткөрүп, тажрыйбасы менен бөлүштү. Андан соң «Кыргыз деңизи» санаторийиндеги Космонавттар аллеясына балаты отургузуп, өткөн менен келечектин, жер менен космостун байланышын бекемдеп, өзгөчө ишарат жасады.

Чолпон-Ата шаарынын мэриясы Сергей Корсаковго жаштарды бийиктиктерге умтулууга шыктандыруудагы маанилүү ролу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, 2023-жылдын 12-апрелинде президент Садыр Жапаров россиялык сыноочу-космонавт Сергей Корсаков менен жолугушкан.

Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары мекендештерди ар тараптан колдоого жана аларга дем берүүгө даяр экенин баса белгилеген.

«Албетте, азыр кандай экенин билбейм, бирок биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, Сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм», — деп кошумчалаган мамлекет башчысы.

Өз кезегинде космонавт Сергей Корсаков президентке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал үчүн дагы бир жолу туулуп-өскөн Бишкек шаарында болуу чоң сыймык жана кубаныч экенин белгилеген.

«Кыргызстан менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт, анткени менин балалыгым, өспүрүм чагым ушул жерде өттү. Кыргызстанда мен билим алдым, менин мүнөзүм ушул жерде калыптанган, тагыраак айтканда, менин карьерама өжөрлүгүм жана тырышчаактыгым таасирин тийгизди», — деген космонавт.

Эл аралык космос станциясынын бортунда жеке буюмдарга чектөө болгонуна карабастан, ал өзү менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берген.

Сергей Корсаков мамлекет башчысына 2022-жылдын 18-мартында «Союз МС-21» космостук кемеси тарабынан алынып келген жана 2022-жылдын 29-сентябрына чейин экспедицияны коштоп жүргөн, анын тумары болгондугун тастыктаган, Эл аралык космос станциясынын штампы басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылган. Мындан тышкары, космонавт космостон тартылган, анын ичинде Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн тапшырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE