Пример HTML-страницы

Хадистен алынган сабактар: 

https://kyrgyzcha.site/?p=55872&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Абу Хурайранын (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: Бир жолу Аллахтын элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай деди: “Менин үммөтүмдүн баары бейишке кирет. Бирок баш тарткандар киришпейт”. Ошол убакта “О Аллахтын элчиси, баш тартуучу ким?” – деп айтылды. Ал мындай деди: “Ким мага моюн сунса бейишке кирет, ал эми ким мага моюн сунбаса чындыгында ал баш тартты”. (имам аль-Бухарий риваяты).

Хадистен алынган сабактар:

1-Аллах Таала пенделерине ырайымдуу. Ал Пайгамбарга (солла Аллаху алейхи ва саллам) моюн сунган пенделеринин баарын бейишке киргизет.

2-Пайгамбар (солла Аллаху алейхи ва саллам) Аллах Тааланын өкүмүн жеткирүүчү. Бул хадисте Пайгамбарыбыз (солла Аллаху алейхи ва саллам) Аллах Таала кимди бейишке киргизээрин жана кимди бейишке киргизбээрин кабар берди.

3-Кимде-ким Пайгамбарыбызга (солла Аллаху алейхи ва саллам) моюн сунбаган болсо, ал Аллахтын ага болгон ырайымын четке каккан болот.

4-Аллахка жана Анын элчисине моюн сунбоо тозокко алып барат.

5-Пенденин бул дүйнөдөгү жана ахиреттеги бактылуулугу Пайгамбарыбыздын (солла Аллаху алейхи ва саллам) жолун кармануу менен болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE