Пример HTML-страницы

Чоочун (намахрам) аялдарды жана эркектерди кароо

https://kyrgyzcha.site/?p=56901&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

🆘Чоочун (намахрам) аялдарды жана эркектерди кароо

Аялдарга да эркектерге да зарыл жагдайдан сырткары кароо же кумарлануу менен кароо күнөө. Аяти каримада мындай мааниде буюрулган🌹

«Эй, Расулум, момундарга айт, харамга карашпасын жана аврат жерлерин харамдардан коргошсун! Ыйманы болгон аялдарга да айт, харамга карашпасын жана аврат жерлерин харамдан коргошсун”. (Нур 30)

Хадиси шарифтерде мындай деп айтылды🌹

«Эркектин аялды, аялдын да эркекти (кумарлануу менен) кароосу харам.” (Таберани)

«Харамды кароо шайтандын уулу оку. Аллаху Тааладан коркуп чоочун аялды карабаган адамга лаззаттуу ыйман насип болот.” (Румуз)

«Чоочун аялды кумарлануу менен караган адамдын көздөрү от менен толтуруп, Тозокко ыргытылат, аны менен кол беришип учурашкан адамдын колдору желкесине байланып, Тозокко киргизилет, зарылчылыксыз кумарлануу менен сүйлөшкөн адам ар бир сөзү үчүн миң жыл Тозокто калат.” (Р. Насыхин)

«Кошуна жана досунун аялына кумарлануу менен кароо чоочун аялды кароодон жана үйлөнгөн аялды кароо кызды кароодон да чоң күнөө. Зина дагы ушундай.” (Р. Насыхин)

Бир эркектин бир аял менен кол алышуусу, зарылчылыксыз сүйлөшүүсү, көрүнбөгөн бир жерде жалгыз калуулары харам. Жада калса, сүйүктүү Пайгамбарыбыз да эч бир аял менен кол алышкан эмес. Бир хадиси шарифте айтылат🌹

«Албетте, мен аялдар менен кол алышпайм.” (Несаи, Ибни Маже, Таберани)

Хазрети Аиша энебиз да мындай деп билдирди🌹

«Расулуллах өзүнө халал болгон аялдардан башка эч бир аял менен кол алышкан эмес.” (Бухари, Муслим])

Дагы бир хадиси шарифте айтылды🌹

«Бир эркектин башына темир шиштин кирүүсү намахрам аялга кол тийгизүүдөн жеңилирээк.” (Таберани, Байхаки)

«Чоочун аял менен кучакташкан адам шайтан менен бирге чынжырга байланып, отко ыргытылат.” (Шира)

«Аялдар менен бир жерде жалгыз калуудан сактангыла. Аллахка ант беримин, бир киши бир аял менен жалгыз калса араларына шайтан кирет. Бир адамдын баткактуу доңуз менен бир жерде кысылып калуусу ал адамга өзүнө халал болбогон бир аялга кол тийгизүүгө караганда жеңилирээк.” (Таберани)

Намахрам адам менен сүйлөшүү…

Аялдар зарылчылык жагдай болбосо намахрам эркектер менен сүйлөшө албайт. Рамуздун 469-бетинде жазылган биринчи хадиси шариф төмөндөгүдөй🌹

«Эй, аялдар, бир гана махрамыңар болгон эркектер менен сүйлөшкүлө, махрамыңар болбогондор менен сүйлөшпөгүлө!” (Ибни Саид)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE