Пример HTML-страницы

ЖЕТИМ ЖАНА ЖЕТИМДИН МАЛ-МҮЛКҮН ПАЙДАЛАНУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=56912&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖЕТИМ ЖАНА ЖЕТИМДИН МАЛ-МҮЛКҮН ПАЙДАЛАНУУ

 

Атасынан же ата-энесинен ажыраган балагатка жете элек бала «жетим» болуп

эсептелет.

 

Куранда жетимдин мал-мүлкүн мыйзамсыз паидалангандар жөнүндө:

«Жетимдин мал-мүлкүн адилетсиздик менен жегендер курсагын тозок отуна

толтурушкан болот» (Ниса сүрөсү, 10)

 

«Жетимдердин мал-мүлкүн (бойго жеткен соң)

өздөрүнө кайтарып бергиле! Жакшыны жаманга алмаштырбагыла(б.а.жетимдин мүлкүн

өзүңөрдүн мал-мүлкүңөргө аралаштырып, бөөдө адал мүлкүңөрдү арам кылып албагыла!)

Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн мүлкүңөргө кошуп жебегиле! Анткени бул чоң күнөө!»

(Ниса сүрөсү, 2)

 

Ыиык Куранда жетимдер тууралуу 23 жерде, ал эми куттуу хадистерде болжол

менен отуз жерде сөз козголот. Ислам дини бул багытта эки негизге өзгөчө басым жасайт:

1. Жетим баланын мал-мүлкүн балагатка жеткенге чейин эң ийги таризде сактап

коргоо кажет.

2. Жетим баланы кемсинтип жетимсиретпөө кажет.

Жетимдин жоопкерчилиги үчүн кимдир бирөөнү өкүл дайындоо зарыл. Бул өңүттөн

Ислам укукчулары төмөнкү шарттарга жооп берген адам өкүл боло алат:

а. Ишенимдүү болуу,

б. Адамгерчиликтүү болуу,

в. Адилеттүү болуу

г. Ысырапкор болбоо

Жетимдин мал-мүлкүн тигил же бул таризде өзүнө мыйзамсыз өткөрүп алган адам

арам ишке кадам таштаган болот. Арийне, жетимдин акысын Алла Таала акыретте алып

берери бышык.

Азирети Паигамбарыбыз куттуу хадистеринде жетимдин мал-мүлкүн адилетсиз жол

менен пайдалануу адамды чоң жоготууга учуратчу жети чоң күнөөнүн катарына кирерин аиткан. Мына ошол хадистерде төмөнкчө буюрулат:Жок кылуучу мынабу жети нерседен

оолак болгула:

 

Аллага шерик кошуу, сыикырчылык, адам өлтүрүү, сүткорлук (процент

акча алып-берүү), жетимдин мал-мүлкүн жеш, душманга кол салуу учурунда согуштан

качуу, ар-намыстуу таза момун аялдарга зина күнөөсүн таңуулап, жалган жалаа жабуу»

(Бухари, Васаиа, 23, Тыбб, 48; Муслим, Иман, 145, Васаиа, 10; Насаи, Васаиа, 12)

 

Ислам дини жетимдин мал-мүлкүн жеш мындай турсун, анын жоопкерчилигин

алуу, мал-мүлкүн коргоо зарылчылыгын талаптайт.

 

Алла Таала аяттардын биринде

төмөнкүчө буюрат: «Жетимге каарданба! Кайырчыга орой мамиле жасаба!» (Духа

сүрөсү, 9-10)

 

Жетимдин мал-мүлкүн жеш канчалык оор күнөө болсо, аны коргоо да ошончолук

сооптуу иш. Ошондуктан ар ким өзүнүн аилана-чөйрөсүндөгү жетимдерди өз карамагына

алып, мал-мүлкүнө баш-көз болуп коргошу шариятка да, адамдык нарк-насилге да куп

жарашат.

 

Пайгамбарыбыз жетимдерди коргоп, аларга баш-көз болгондор үчүн: «Жетимдин

жоопкерчилигин өз мойнуна алып, милдетин аткарган адам беииште мени менен

мынабундай жакын болот» деп сөөмөйү менен ортон манжасын көргөзгөн.

 

Күндөрдүн биринде бир адам Паигамбарыбызга келип: «Өзүм кедеймин, эч нерсем

жок. Ошентсе да колумда жетимим бар!» дейт. Анда Пайгамбарыбыз ага: «Жетимдин мал-

мүлкүнөн пайдалан! Бирок бул учурда ысырапчылыктан, шашмалыктан оолак бол! Анын

мал-мүлкүн өзүңө өткөрүп алба!» деп жооп каитарган экен (Абу Давуд, Васаиа, 8; Насаи,

Васаиа, 11)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE