Пример HTML-страницы

ЖҮРӨКТҮН ШЫФАСЫ ЗИКИР. . . 

https://kyrgyzcha.site/?p=55596&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖҮРӨКТҮН ШЫФАСЫ ЗИКИР. . .

 

Хасан ал -Басрийге бир киши келип айтты:

-Менин жүрөгүм негедир катуудай сезилет.

Хасан ал- Басрий айтты:

-Көп зикир кылгын жүрөгүң жумшарат.

Ошондуктан жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн сактайлы.

Жүрөк жана рух үчүн азык. Бул биздин жакшылык амалдарыбыз. Эгер ал экөөнө азыктары берилбесе анда кандай болуп калат? Бул азыктанбаган дене сыяктуу.

Бардык нерсени дат баскандай жүрөктү да чаң басат. Жүрөктүн даты кири -бул нафс каалоосу жана кайдыгерлик. Зикир болсо ушуларды тазалоо үчүн кызмат кылат жана жүрөктү тирилтет, сары-санаа жана кайгы-муңду кетирет, денеге жана жүрөккө күч кубат берет, жүздү, жүрөктү нурлантат жана ырыскыны өзүнө тартат. .

Хафиз бин Таймия (Аллах андан ыраазы болсун) айткан:

«Балыкка суу кандай керек болсо, жүрөккө да зикир ошондой керек болот. Балык суусуз кандай абалда калаарын элестетип көргүлөчү ?

Эң коркок адам-бул зикир кылуучу адам, ал Аллахтан коркот жана көп эстеп ыйманын жаңыртып турат.

 

«Ыймандуулар -Аллахты эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек Аллахты эскергенде жүрөктөр тынчтык табат»(13:28)

 

“Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат! “

Чынчылдык Алахтын сүйгөн амалы, ачык айкындуулук жүрөктү тазалайт, тажырыйба жүзүндө көрүү далил, жол көрсөтүүчү жалган айтпайт, зикирден башка жүрөктү нурданта турган сооптуурак амал жок.

 

«Мени эстегиле. Мен да силерди эстеймин ». (2:152). .

 

Аллах Тааланы зикир кылуу анын жердеги Бейиши, ким де ким ал Бейишке кирбесе акыреттеги Бейишке да кире албайт. Зикир -напсинин кайгысын, чарчоосун жана тынчсыздануусун кетирет, зикир бардык жакшылыктарга алып баруучу жеңил жана кыска жол. Курандагы зикир тууралуу аяттарды карап көрсөң анын пайдаларын көрөсүң, зикир кылып даарылыгына аракет кыл: шыпасын көрөсүң.

Аллахты зикир кылуу менен корку сезимдер, кайгы капалар жоголот, тоодой кайгы капа болсо да зикир аны кетирет.

Оо! Чарчаганынан арызданган, оорудан ыйлаган, кырсыктан азап тарткан, кайгыдан жара чеккен, Аллахтын улук зикир кылып сура!

 

«(Же) сен Анын ысымына бир теңдеш бар экенин билесиңби? ». (19:65).

 

Канчалык зикир кылсаң ошончолук жүрөгүң ырахатта болот, тынчтанат, бактылуулукту сезесиң: анткени Аллахты зикир кылууда Аллахка гана таянуу, ишенүү, Ага кайтуу, жакшы ойдо болуу, андан гана жардам күтүү, эгер дуба кылынса Ал Жакын, чакырса Ал Угуучу, суралса Жооп берүүчү, үмүт кылса Күтүүчү, жардам сураса Жардамын берүүчү. Сен чынында сурансаң чын көңүлдөн, берилип, кичи пейилдик менен сура, анын Жалгыз, Мактоого ылайык, Жумшак, Суралуучу, Кечирүүчү сыяктуу берекелүү ысымдарын тилиңе алып кайтала, ошондо -анын каалоосу күч кубаты менен -бактылуулукту, тынчтыкты, бейпилдикти, курсанчылыкты, нурдуулукту, кубанычты сезесиң!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE