Пример HTML-страницы

Куран окуунун касиети

https://kyrgyzcha.site/?p=55904&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

*Бисмиллаахир Рахманиир Рахиим*

 

🐝🦋🐝🦋🐝🦋🐝🦋

 

 

🕌 *Куран окуунун касиети*

 

🌺 Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: *»Кимде ким намаздан кийин Куран окуса,Курандын бир тамгасы үчүн үч жүз сооп берет жана кыямат күнүндө эл абдан кайгыда жүргөндө ошол окуган Кураны келип ,сен мени тааныйсынбы?- деп сурайт. Ал пенде болсо мен сени тааныбаймын,сен кимсин дейт. Ошондо,ал: Мен жалган дүйнөдө сен окуган Куранмын,эми мени сени жетелеп жаннатка алып барамын дейт.»*

🌸 Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: *»Алла Таала тозокто бир терең кудук жаратты,анын атын Вайыл деди. Ал кудукка кимде ким Куран окууну унутса,намазды чала окуса,Куранды ката окуса,ошол пенделер ага барып кирет.»*

🌺 Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: *»Адамдардын саиди Адам ата,Арабдын саиди менен Парсынын саиди Салман,Рум элинин саиди Сахиб,Хабыс элинин саиди Билал. Күндөрдүн саиди Жума күнү,айлардын айы Рамазан,түндүн саиди Кадыр түнү,Курандын саиди Бакара сүрөөсү,Бакаранын саиди Аятал Курси,Аятал Курси алты келме,алты келмеде алты береке бар.»*

🌸 Ар бирипенде намаздан кийин *Аятал Курси*ни окуса, намаз айтар: *»Эй Алла, бул пендн намаздан кийин дайыма *Аятал Курси*ни окуча эле. Эми муну жаннатка киргизсең деп.

🌺 Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: *»Кимде ким парз намазынан кийин «Аятал Курси»ни окуса 6 жакшылыкты Алла насип кылат.»*

🌺 *2 бул дүйнөдө,2 көрдө,2 тигил дүйнөдө.*

*Бул дүйнөдөгү экөөсү*

1- *Пенденин ырыскысы кең болот.*

2 — *Бардык балээден аман болот.*

*Көрдөгү экөөсү*

1- *Көрү кең болот.*

2- *Мүңкүр-Наңкир суракты жеңил алат.*

*Чын дүйнөдөгүсү.*

1- *Кыл көпүрөдөн чагылгандай өтөт.*

2- *Кыяматтын кыйын чагынан Алла аман кылар.*

🌸 Кимде ким Куран окусам деп тилек кылса ал пенде үч ирет *»Кул хуа Аллооху Ахад. Аллоохус Сомад. Лам ялид ва лам юулад. Ва лам якул лаху куфуван Ахад.»* окуп бата кылса, Куранды бир ирет окугандын сообун берет.

🌺 Бир киши Расул Алладан(салаллаху алейхи уа салам)келип сурады. Йа Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) баланы Куран окуй турган кылып үйрөткөндүн кандай сообу бар деди. Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам) айтты: *»Кимде ким баласын Куран окуй турган кылса,миң ажылык кылгандын сообун ,миң мусулманга даам бергендей сооп берет. Миң кул азат кылгандын сообун берер. Миң жолу дин үчүн согуш кылып,миң каапырды кыргандын сообуна барабар. Ал пенде Курандан канча арип үйрөнсө,ар арипке он соопту амал дептерине жазат. Он күнөөнү амал дептеринен өчүрөт. Ар ким,баласын Кəран окуй тургандай кылса,ал пенденин амалын таразага салганда сообу оор болот. Ал пенде кыл көпүрөдөн чагылгандай өтөт.»*

🌸 Бир күнү Жабрейил(а.с) келип,Йа Мухаммед,кимде ким баласын Куран окуй турган кылса,ал баланын ата-энесин тозокко салбоону мен каалаймын деди,Алла Таала. Дагы ата-энеси каапырлык жасаса да,мен кечирип жалгаймын деди.

🌺 Расул Алла(салаллаху алейхи уа салам)айтты: *»Мугалим балага, «Бисмиллаахир Рохмааниир Рохиим» үйрөтсө,Алла Таала Караман Катабинге бул мугалимдин амал дептерине он сооп жазып,он күнөөсүн өчүр дейт. Жаннаттан он үй даярда деп айтар.»*

🌸 Бир мугалим *«Бисмиллахиир Рохманиир Рохиим»*ди жаш балага үйрөтсө,Алла Таала ошол мугалимди жана баланын ата-энесин тозоктон азат кылам дээр. Азирети Хусейн баласын мектепке жиберди. Баласы *Фатиха* сүрөөсүн үйрөнүп келди.

🌺 Хусейн ошол мугалимге миң теңге алтын,миң тенге күмүш ,көп деген тартууларды жиберди. Ошондо Абдырахман ушунча сыйлык ала тургандай эмне иш кылдыс деп айтты.

🌸 Анда Хусейин: *Бабам Мухаммед «Фатиха» сүрөөсүнүн бир аятын бааласа,дүйнөнүн малын карыштаса да баасына жете албайт деген»* — деа айтты.

🌺 Бир күнү азирети имам Агзам уулу Хамаданы мектепке жиберди. Ошол күнү баласы *»Фатиха»*ны үйрөнүп келди. Буга азирети 500 дилде алтын жиберди. Ошондо мугалим мен ушунча акча ла тургандай эмне иш жасадым деди. Ошондо азирети имам Агзам Курандын баасын билбей турган булардын колуна бала окутууга болбойт деди.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE