Пример HTML-страницы

ЭМНЕ ҮЧҮН ОРОЗОНУ РАМАЗАН АЙЫНДА КАРМАЙБЫЗ? 

https://kyrgyzcha.site/?p=55855&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЭМНЕ ҮЧҮН ОРОЗОНУ РАМАЗАН АЙЫНДА КАРМАЙБЫЗ?

 

Рамазан он эки айдын бири. Рамза — катуу ысык дегенди билдирет.

 

Аллах Таала орозону мына ушул айда б.а. катуу ысык болгон айда парз кылды жана бул айды жыл мезгили боюнча айланып жүрө турган кылды.

 

Демек, Рамазан айы кыш мезгилинде келеби, күз мезгилинде келеби, биз анын эң ысык убакта парз кылынгандыгын эстеп жүрүүбүз керек.

Айрыкча быйылкыдай аптаптуу мезгилге туура келген Рамазан айында ысыктын орозо тутууга эч кандай тоскоол болбостугун билип алуубуз керек.

 

Аллах Таала эң ысык айда орозону парз кылып, мындан бир канча миң эсе ысык болуучу Кыямат күнүнүн сурагына даярданууга мүмкүндүк берди.

 

Рамазан ай календары боюнча жылып жүрөт. Бул дагы Аллах Тааланын адилеттүүлүгү.

Орозону узун жана ысык күндө да кармайбыз, кыска жана суук күндө да кармайбыз.

Ошентип 33 жылда 4 жыл мезгилин бир айланып чыгабыз.

33 жыл орозо кармоо Бейишке кирүүгө себеп болуучу эң сооптуу иш.

 

Аллах буюруп Бейишке кирсең сенин жашың да 33 жашта болот.

Аллах Таала пайгамбачылыкты жана Куранды да ушул «Ысык айда» түшүрдү.

 

Демек биз бул дүйнөгө эс алуу үчүн келген жокпуз.

Бул дүйнөнүн салкын шапатасы, бак-шактуу көлөкөсү ж.б. түбөлүктүү эмес.

Ошондой эле пайгамбардын жолу, Курандын мыйзамы менен жашабасаң, Кыяматтын катуу аптабынан жана тозоктун мээ кайнаткан ысыгынан кутула албайсың.

 

 

 

Рамазан айы – жылдын башка айлары сыяктуу эле – 29 же 30 күндөн турат жана башка айлар сыяктуу эле тездик менен, билинбей өтүп кетет.

 

Бир аз убакыт өткөн соң – бул ай да аягына келип калганын байкайбыз.

 

Рамазан башталганда эле көпчүлүгүбүздү жалкоолук, бейкапарчылык, бул айга болгон суз мамиле басып калат.

 

Бул ай аяктаган соң – кылбай калган амалдарыбыз, өзүбүздү тарбияла албай калгандыгыбыз, Куран окууну үйрөнбөгөнүбүз ж.б.у.с. биз өткөзүп жиберген мүмкүнчүлүктөрүбүз тууралуу өкүнүп баштайбыз. Мына❗ Дал ушундай “жашоомду жакшы жашай албай калдым, аттиң!” деп өкүнүүнү – адам бул дүйнөдөн көз жумган соң көрөт.

 

Бир туугандар! “Бул менин акыркы Рамазаным. Мындан соң мен ааламдардын Раббиси Аллахтын алдына, Акыретке кетип калышым мүмкүн” деп ойлойлу. Балким ушул ой – бул берекелүү айда жакшы ибадат кылууга бизге түрткү болот. Бир гана бул айда эмес, бирок негизинен ар бир эле ишти ушул ой менен аткарып жүрсөк – мыкты ибадат кылууга түрткү болоор.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE