Turmush — Чүй облусунун аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун 4 ардагери, 1 концлагердин жашы жете элек туткуну жана 18 тылдын эмгекчиси жашайт. Аймактык кабарчы алардын тизмесин тактады.
Кошкоро Жаманкулов:
Ардагер Жумгал районунун Тунук айылында 1924-жылдын 3-мартында туулган. Учурда Бишкек шаарында жашайт. Белорусь жана Ленинград фронтторунда салгылашкан. «Эрдик үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн» жана Жуков атындагы медаль-ордендер менен сыйланган. 7 баласы, 31 небереси, 58 чөбөрөсү бар.
Кошкоро Жаманкулов
Шальнов Антон Семенович:
Ардагер 1927-жылы 11-августта Россиянын Смоленск облусунун Усвитин районунун Церковина айылында туулган. Учурда Кара-Балта шаарында жашайт. Ал Белоруссия фронтунда танкалык аскерлердин катарында согушкан. «Японияны жеңгендиги үчүн», Жуков атындагы медалдары менен сыйланган.
Шальнов Антон Семенович
Соколов Николай Николаевич:
Ардагер 1927-жылы 30-декабрда Москва районунун Беловодск айылында төрөлгөн. Учурда Кара-Балта шаарында жашайт. Белорусь фронтунда согушкан. Жуков атындагы медаль, 1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени менен сыйланган. 1 кызы жана 1 уулу бар. Жубайы — Соколова Елизавета Григорьевна.
Соколов Николай Николаевич
Межуев Семён Николаевич:
Межуев Семён Николаевич 1923-жылы 22-сентябрда Казакстандын Сергеевка шаарында төрөлгөн. 1942-жылдын 25-апрелинде Аламүдүн аскерге чейин даярдоо бөлүмүнө чакырылган. 1942-жылдын апрелинен 1949-жылдын мартына чейин Ооганстан менен чектеш Түркмөнстанда кызмат өтөгөн. 1949-жылы 16-мартта аскерден бошотулган. «Германияны жеңгендиги үчүн» медалы жана мааракелик медалдары бар.
Межуев Семен Николаевич
// Turmush
Сабурова Анна Петровна (концлагердин туткуну):
Ардагер 1944-жылы 25-январда төрөлгөн. Учурда Кара-Балта шаарында жашайт. Апасы Надежда Филипповнаны фашисттер Запорожье облусунун Червоноармейский районунун Спасовка айылынан Германиянын Мюнхен шаарына зордоп айдап кетишкен. Ал жерде 1942-жылдын 25-майынан 1945-жылдын май айына чейин болгон. Аны менен бирге кызы Сабурова Анна Петровна болгон. Анна 2-топтогу майып, эмгек ардагери.
Сабурова Анна Петровна
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.