Пример HTML-страницы

Чолпон-Атада жол тегиздеген техниканы жүктөп бара жатканда жүрүп кетип, башка унааларды сүздү (видео)

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 9-майда Чолпон-Ата шаарында жол тегиздеген каток тралдан кулап, борбордук паркта кырсыкка учурады. Бул тууралуу Turmush басылмасына күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын борбордук көчөсүндө болгон. Жүк ташыган «ДАФ» үлгүсүндөгү трал асфальт тегиздөөчү катокту жүктөп бара жаткан. Трал көчөлөрдүн бирине кайрылганда каток түшүп кетип, борбордук парк жактагы жолду көздөй жөнөгөн. Ал тепкичтерден ылдый жүрүп, унаалар токтогон жайга чейин барган. 3 унаага зыян келтирилди.

Кырсыктан улам аз жерден адам өмүрүнө зыян келген жок. Себеби бүгүнкү Жеңиш майрамына карата паркта адамдар топтоло баштаган болчу. Аталган жерге Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери келишти.

Алдын ала маалыматка караганда, спецтехника «Транс Строй» ЖЧКна таандык. Шаардын Чкалов көчөсүндө жол оңдоо иштери жүрүп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE