Пример HTML-страницы

 Күтүүсүз бурулуш…8-бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=55849&preview=true Кызыктуу окуялар.

 Күтүүсүз бурулуш…8-бөлүм

 

 

Бир куну эрте менен кеч ойгондум. Уктап калган экенмин. Сабакка кеч калдым деп шашылып кийинип, чуркап чыктым. Домдун короосунда Алмаз отуруптур. Тан кала карап:

-Тынччылык элеби?

-Биринчи сабак жок экен. Сага келдим.

-Уух,дедим терен дем алып. Мен кеч калдым деп чуркап жоногом да. Мен этибар албай суйлоп жатканда чачымдан сылады. Аны канчалык жакын адамым катары корсом да анын мага жакындашы ток ургандай эле болду. Озумду андан алыстаттым. Мен ошол учурда Алмаздын мени досу катары эмес, башкача сезимдери бар экендигин тушунгондой болдум.

-Чачынды туздодум. Уйкусурап эле чачынды карабай чыгыпсын,-деди ынгайсыз абалдан чыгуу учун жылмайып.

Демейде тамашалаша кетчу жаным ойго батып туруп калдым.

 

Андан коп отпой кечинде кафеге чакырды. Анын достору менин досторум болуп коп убакыт откорчубуз. Курбу кыздарым менен чогуу бардык. Алмаз жалгыз отуруптур.

-Айбектер кайда?,-дедим кирип кирбей жатып.

Столдо пиво бар экен. Унчукпай мени карап отура берди. Мас болбосо да сопсоо эмес болчу. Жийиркенип кеттим. Бирок, оюма башка нерселер келе баштады. Бир проблемасы болгон го деп ойлодум. 2 курбу кызым мен болуп жанына отурдук. Мени каратып туруп пивону ичуусун уланттып жатты. Эркектердеги эн жаман коргон сапатым : Кыз кишинин алдында ичип-чегуу. Балким ичет, чегет. Аны тушуном. Эркек болгон сон, жок дегенде бир жолу кылчу нерселер. Бирок, кыз кишинин алдында ичип-чеккени кызга болгон урматсыздыгы болуш керек. Курбу кызымдын телефону шынгырап туруп кетти. Аркасынан экинчиси. Бир убакта шашып келип :

— Апамдын синдисин ала качып кетиптир. Мен дароо кетишим керек. Апамдар артынан кетип, уйдо иним жалгыз калыптыр. Озум корком. Гульназ менен барайын. Ал эшикте такси кутуп турат . Сен суйлошуп кой. Урушпа. Проблемасы болгон чыгаар,-деп бат бат суйлоп жатты.

-Макул, мен суйлошом,-деп узатыш учун ордумдан тура бергенде Алмаз колумдан кармады.

-Кетпей турчу.

Ал курбу кызым экообуз шыбырашып суйлошконго уккан деле жок окшойт. Курбу кызым кол булгалап, чуркап чыгып кетти. Отурдум.Колумду кое бербей туруп:

-Мен сени суйом,-деди. Бул нерсе мен учун кутуусуз болду окшойт. Дароо тамашага салып:

-Мен да сени суйом. Айт эми, эмне болду сага?

 

-Айттым го. Азыр созду башкадан баштасам, балким дагы айта албай калмакмын.

-Мыйзамченемдуу эле корунуш да. Кечке чогуу журобуз. Мен деле сага конушуп…. деп созумду бутургончо кутпой,

-Мен сени суйом,-деди козумо карап. Конуп калуу,достук деген шылтоолорду айтпа. Мен коп ойлондум. Билесин шоктугума чек жок. Корунгон кызга тийишип, коп кыз менен суйлоштум. Бирок, сага ушул уч созду айта албай качантан бери озумду суйроп журом.

-Башында эле айтпайсынбы анда , дос корсотпой озунду. Мен сени суйбойм,-дедим. Ошол муноттордо оозумдан кантип ушул создор чыкканын билбейм. Суйбогонум анык, бирок, неге мынча катуу айттым экен?

-Билем,-деди. Бирок, сен менин сезимдеримди билишинди кааладым.

-Ушул учун чыкырдынбы?

-Сен учун ушул болушу мумкун,бирок, менин журогум мынчалык орттонгон эмес мурда.

-Мен турайын,-дедим созду улантууну каалабай.

Ошол окуядан сон алыстай бердик. Мени коздой келе жатса, бироо менен суйлошуп тура калам университетте. Мага мурункудай алып келген шоколаддарын албай коем. Сабакта жаныма отура калса жылып кетем. Курбу кыздарым «Алмаздан откон жакшыны таппайсын» деп кулактын кужурун жешет. Алмаз жакшы бала. Акылы, ою, ийгилиги, баскан-турганы, баары мага жагат. Жада калса дал ушундай жолдошум болсо деп кыялданчумун. Бирок, журогум такыр каалабй туруп алды. Ага дагы дос катары улантып умут бергим келбей , алыстагандан алыстадык. Баш ийкешип адамдык парзыбызды аткарып учурашканыбыз болбосо, дос деген статусун да жоготту. Бирок, эч умутун узгон жок. Алып келген гулдорун каратып туруп тыштап басып кетсем да, сабактарда анын жинине тийчу создорду айтып уят кылсам да , мага мурункудай шоколад алып келип, сабактарда козун албай тигилип отура берчу. Бирок , кийин суйуктуум менен жолуккан сон Алмаз менин жашоомдон такыр эле чыгып калган болчу.

 

Тагдыр кайрадан ага ишимди тушурбодубу. Ага кылган жамандыктарым, орой мамилелерим бир коз ирмемде коз алдыма келе тушту.

-Дарыны таштап коем макулбу?,-деди жалооруй.

-Таштаба. Уйго кир. Ушунча убара болуп келсен чай иче кет,-дедим отурган ордумдан туруп жатып.

-Чын элеби?,-деди кубанганын жашырбай.

Ал 8-кабатка которулгончо пижамамды чечип, кийине калайын деп шашып жаттым. Канча кундон бери терезени карангылап пижамачан отурам. Кухняга барып майда-чуйдо бир нерсе жемиш болом. Тамак жасаганга да конулум чаппайт. Жанымдагы шеригим, уйуно кеткенине 15 кундой болуп калды. Кийиндим. Бирок Алмаз кечигип, 20-30 минуттан кийин келди. Колунда эки пакет, конулу жайдары.

-Кир,-дедим суз эшикти ачып.

-Сен мынча арыктап кеттин?,-деди жылмаюусу таркап.

-Тайнемдей боло бербечи. Ошол эле бойдонмун.

-Чын айтам,-деди кухняны коздой бара жатып.

Кухняга кирип отургучка отура кеттим. Ал коногу мен сыяктанып алып келген пакетин бошотуп жатты. Мен жакшы коргон апельсиновый сок, чеддер сыр, овсяные печенья , киви, анан тамак жасачу продукттар.

-Мен сага чай эле берейин дегем,-дедим шашылыш кыймыл-аракетине кулкум келип.

-Кыргыздарда чай ичебиз дегенде, кой соет го,-деди кулуп.

-Кой сое албайм, капа болбо.

-Мен жасайм тамакты, сен отура тур ,-деди адаттагыдай козун кысып.

 

Тамагы даяр болгончо ун-созсуз отура бердим. Ал анекдот айтат, окуяларды айтып берет конулумду которуу учун. Жок дегенде бир адамга керек болуу деле конул жылытаарлык нерсе окшойт. Бир адамга эч кандай шартсыз, себепсиз керек болуу. Тамагын даяр кылып тарелкаларга салды.

-Бул тамакты же , суранам. Канча кундон бери тамак жебегенинди билип эле турам,-деди мени токтоо карап. Унчукпай кашыкты колума алдым да, тамакты ары-бери кылып жаттым.

-Муздады,-деди суз гана.

Табакты туртуп койдум. Мойнумдан бироо муунтуп жаткансып, тузу коп суу ичип алгансып тамагымда бир нерсе кыйнап жатты. Эми колум менен столдун чекесин чукулап баштадым. Ал колумду кармады.

-Айтып бер,женилдеп каласын,-деди.

-Мен… деп соз баштаганда козумдон жашым куюлуп кетти. Канчалык озумду колго алып, канчалык алсыздыгымды корсоткум келбей турса да , коз жашым мага баш ийбей жатты. Балким, коп убакыттан бери мээримге муктаж болгонум учунбу же жалгыздыктан тажагандыктанбы, мени эркелетуусун каалап турдум.

 

Кучактай бергенде канчалык ушул жылуулукка муктаж болуп турсам да, озумду андан алыстата бердим.

-Эч нерсени ойлобочу,-деди кучагына тартып жатып.Мен сенин досунмун. Башка эч кимин эмес. Уну каргылданып чыкты. Мени оор жуктон бошоткондой болду. Мени дос катары кучактап, дос катары колдоо корсотпосо озумду жаман кыз сезмекмин. Суйуктуумдун козуно чоп салгандай. Ал мен ыйлап буткончо унчукпай кучактап турду. Ордумдан турдум.

— Бетимди жууйм, -дедим.. Суроолуу коз караш менен карап турган экен. Ваннада копко турдум. Туура кылдымбы, туура эмес кылдымбы, озумо отчет бере албай жаттым. Озумо бир аз келгендей болуп чыктым. Отурган жеринде кыймылдабай отуруптур.

-Кечирип койчу

-Кечирим сурабачы. Канча айтам кадырынды билбегендер сурасын кечиримди.

Мен тараптан жооп болбоду. Тек гана отургучка отура кеттим.

-Сени бир таштап кетти ,эки таштап кетти. Эки адамдын ортосунда калган адам,экоон кийин жарашсан кайра таштабайт дейсинби?

-Жарашпайм

-Мен сени мени суйсун, мен менен болсун деп айткан жокмун. Сенин кайгыруунду каалабайм.Мени эле суйсо омур бою алаканымда которуп журмокмун деп ойлоном, бирок сени кыйнап, сени мажбурлагым келбейт. Мен сени алыстан деле суйо берем. Болгону бир чечимге келчи. Канча кун болду, озунду озун кыйнап буттун.

-Мен суйбойм эми. Мен уй було жонундо ойлонбойм дагы,-дедим ишеничтуу.

Тунку 1 лерге чейин суйлошуп отурдук. Алмаз дос катары ото жакшы адам. Тушунот, кенеш берет, колдоо корсотот.

-Мен чыгайын. Сен уктап эс ал,=деди бир убакта.

-Рахмат сага,-дедим чын эле ыраазы болуп.

-Сага рахмат. Суйлошкун да келбей мени жээрип туруп алсан, кантип айласын тапсам деп журот элем. Мени жолотпосон да, суйлошуп турууга соз бер,колумдан келсе жардам бергенге уруксат бар. Мени корсон эле ташбакадай кабыгына жашынып аласын.

-Ташбакадайбы? ,-дедим кулуп. Бул созунду комплимент катары кабыл аламбы?

-Комплиментти эстетпе, айта берсем соз бутпой тан атып кетпесин,-деди ал дагы кулуп.

Бетимден ооп коштошту да козун кысып койду. Эшикти жаап, босогодо отура кеттим. Кадимкидей женилдеп, журогумдогу букту, азапты, ызаны Алмаз озу менен кошо алып кеткендей болду.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE