Пример HTML-страницы

Периштелердин жана жиндердин  белгилуу кейипке кириши. 

https://kyrgyzcha.site/?p=55652&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Периштелердин жана жиндердин

белгилуу кейипке кириши.

 

Периштелер өздөрүнө таандык түзүлүштөрү

менен бул дүйнөдө көрүнүшпөсө да, белгилүү

кейиптерге кирип көрүнүшү мүмкүн.

 

Курани Каримде Периште мариям энебиз

толугу менен адам кейпинде көрүндү

 

(Мариям суросу 19/17 аяты)🌿

 

деп айтылат.Пайгамбарыбыз ( саллаллооху

алайхи вассалламга вахий алып келген

периште,кээде өзүнө таандык кейипте, кээде

согушчан адамдын кейпинде, кээде дагы

башка бир көрүнүштө келчу.

 

Бани курайзага болгон чабуулдун астында

Жабрайил (алайхиссалам) согушчандын

кейпинде келип:

 

Оо Алланын элчиси,силер соотунарды

чечтиңер, бирок биз периштелер тайпасы

чечпедик» -деп айткан эле.

 

(Бухари, магаази30).🌿

 

Дал ошол периште кээде Дихя аттуу сахабанын түспөлүндө, бир жолу динди үйрөтүү

максатында эч кандай жолоочулук белгиси

билинбеген конок кейпинде келип,»ыйман,

ислам,ихсан эмне?»деген суроолорду

сурап,жоопторду туура деп тастыктап кеткен

 

(Бухари, Ийман37).🌿

 

Жиндер жана шайтандар дагы,периштелер

сыяктуу кейипке кире алышат.

 

Алар Хусейн Жисринин көз карашы боюнча,

Аллах Таала Берген табиятына жараша, абадан, эфирден же ошого окшош материяны белгилүү

формага салып, ал форманы кийим катары

пайдалануу менен ошол көрүнүштө адамдарга

көрүнүшөт.

 

Жиндердин түрүнөн болгон шайтан дагы,адам

баласынын кейпине кире алат.

 

Бадр согушунун алдында Нажддык бир

карыянын кейпинде Курайшка келип,аларга

кеңеш бергендиги тууралуу айтылат

 

(Ибн Саъд,табакатул кубра 1/227).🌿

 

Ошондой эле башка бир жолу, шайтан

олжолорго зыян берүүгө аракет кылып

жатканда,олжолорду кайтарып турган сахаба

аны кармап алгандыгы жана ал жалынып-

жалбарганда коё бергенди тууралуу айтылат.

 

Бул окуя үчүнчү жолу кайталанганда шайтанды

кармап алган сахаба аны Алланын элчиси

(саллаллооху алайхи вассалламдын алдына

алып бармакчы болот.

 

Мына ошондо ал сахабага:» Мени коё

берсен,сага бизден кантип коргонуунун жолун

үйрөтөм»- дейт. Сахаба: «ал эмне?»- деп,

сураганда,шайтан: «Аятал курси»,-деп жооп

берет.

 

Бул окуя тууралуу Пайгамбарыбыз

(саллаллооху алайхи вассалламга

кабарлаганда, Пайгамбарыбыз (саллаллооху

алайхи вассаллам :»Ал- жалганчы.Бирок, туура

айтыптыр,» -деди..✅

 

(Бухари, Вакаала 10;Тирмизи,Савабул Куран,3).

🔄

 

Куранда, жиндер пайгамбарыбыз (саллаллооху

алайхи вассалламдын куранды окуганын

угушканы жана бул жөнүндө айкандары

тууралуу баяндалат:

 

Жиндер, «Эй коомубуз,чындыгында биз

Мусадан кийин түшүрүлгөн, өзүнөн мурдагыны

тастыктаган, Хакка жана туура жолго чакырган

китепти (окулганын)уктук, дешти

 

(Ахкаф суросу,46/29 аяттары).🌿

 

Хадис китептеринде болсо,

Пайгамбарыбыз(саллаллооху алайхи

вассаллам)аларга куран окуп бергендиги жана

динди жеткиргендиги тууралуу бир канча

риваяттарда айтылат.

 

Бул окуялардын биринде:

 

Ибн Масъуд(Радиаллаху анху) башка биринде

Азирети Зубайр бин Аввам Радиаллаху анху

Пайгамбарыбыз(саллаллооху алайхи вассаллам

) менен бирге болушкан.

 

Жиндер,адам баласынын кейпинде

көрүнгөндөй эле,айбанаттардын кейпинде дагы көрүнүшү мүмкүн. жылан, чаян, уй, эшек жана

куш кейпине киргендиги тууралуу дагы айтылат.

 

Нахр өрөнүндө жиндер

Пайгамбарыбызга(саллаллооху алайхи

вассалламга) моюн сунууларын билдирип

жатканда (биат) Пайгамбарыбыз(саллаллооху

алайхи вассаллам) алардын чаян,ит жана

башка айбанаттардын кейпинде

көрүнбөстүгүнүн өз кейиптеринде же башка

кейипте көрүнүүлөрүн сунуштаган жана өз

үммөтүнө «Силер үйүңөрдө мындай бир курт-

кумурсканы көрсөңөр, ага уч жолу «Алла

ыраазычылыгы үчүн кет!» деп айткыла,балким,

ал силердин жин жолдошунардан болушу

мүмкүн.

 

Эгер кетпесе,анда ал жин эмес,эгерде зыян

келтире турган болсо, өлтүрсөң болот»-деп

айткан.

 

(Абу Дауд,Абад162; Ахмад бин

Ханбал,Алмуснад, 3/27).

 

Пайгамбарыбыздын (с.а.в.)сунушуна

жиндер:»Сенин үммөтүңө бардык нерсеге

бисмилла менен баштаса,бардык нерсенин

үстүн жапса,коргоого алса,биз алардан жеп

ичпейбиз» ,-деп убада беришкен.

 

Албетте, жиндер биздин тамак ашыбыздан

балким,тамак аштын жытынан пайдаланышы

мүмкүн.

 

Бир хадисте «Кык (тезек) жана соокторго даарат ушатпагыла!! себеби алар жиндердин тамагы,»–

Деп айтылган.✅

 

(Бухари, Манакибул ансар32)🌿

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE