Пример HTML-страницы

Кен пейилдик бакыт 6 болум 

https://kyrgyzcha.site/?p=56433&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кен пейилдик бакыт  6 болум

— Акберди, сиз мени менен ушундай жол менен таанышмаксызбы? — деди Аруужаз.

— Жок-жок, кандайсың өзүң?

— Баары жакшы.

— Сени көргөндө эле сөз сүйлөй албай калып жатам, — Акберди баягы жупуну кийинген жупуну кыздын ордуна келбети келишкен сулуу кызды көрүп көздөрү ала качып ого бетер сүрдөп турду.

— Эми эмне болмокчу, мышык чычкан ойнойбуз?

— Ыя? — Акберди ойго түшө калган эле чоочуп аны карады да шашкалактап калды, — Аруужаз, сен мага түшүнчү, азыр атам келет, ага экөөбүз көптөн бери сүйлөшүп жүрөбүз деп айтуубуз керек.

— Неге калп айтуум керек, болбогонду айтып улуу кишинин алдоого болбойт го?

— Алдагандык эмес, атама сюрприз гана Аруужаз, түшүнсөң мени.

— Болуптур, ошондой дедик, андан кийин эмне болот?

— Мм, — Акберди ойлоно жер карады, — Андан кийин биз… биз кыз-жигит болобуз, — деди күлгөн болуп тамагын кыра ары-бери карап, ошол учурда Акмат Исманович келип калды, Мырза менен Тоту келип орун алышкан.

— Атасы, бизде конок бар, — деди Тоту ызаат менен күйөөсүнүн костюмун чечип жатып, — Акы бизге кызын таарыштырмак экен.

— Жакшы-жакшы, — Акмат Аруужазды бир карап алып: «Ничего себе», — деп алды ичинен, анан сөөлөт күтө ордуна отурган соң, — Кош келипсиңер кызым, — деди.

— Саламатсыздарбы?

— Саламат-саламат.

— Кана, чайга карагыла, — Тоту аларга шыпылдай карап койду, — Алып отургула.

— Кызым ата-энең барбы? — деп Акмат Аруужазга кайрылды.

— Ата-энем бар, үч иним менен төрт бир туугандын улуусумун, — деди Аруужаз ага.

— Жакшы-ы, кай жерликсиңер?

— Түбүбүз Сокулуктан, азыр Ак-Өргөөдө турабыз.

— Атаң кайда иштейт?

— Жумушу жок, апам базарда…

— Атасы-ы, эми балдар чай ичишсин, — деди Тоту.

— Ата, ата-энесинин иштеген иштебегени маанилүү эмес да, башкысы Аруужаз экөөбүздүн келечегибиз эмеспи, — деп Акберди атасынын сурамжылай бергени жакпай кабак чыты сүйлөдү.

— Албетте ата, агам менен кызга эле көңүл бурсаңыз жетет, — деди Мырза дагы, — Аруужаз менен агам бири-бирин жактырса болду да.

— Туура-туура, — Акмат күлгөн болду, чынында кыздын турган турпаты ага жагып турган, андан кийин алдыга тамак келди, эч кимиси үн катпай тамактанышты, Акматты улам Тоту карап коюп отурду, кыз ичинен: «Мени жактырып калган болсо өз ырыскымды тепкеним болбос, баласы үчүн баарын жасаган эненин эмгегине кантип терс үйрүлөмүн, атамды көз көрүнөө өлүмдөн алып калды, өзүм сүйөм деп жүргөн Мелис терс бурулуп басып кетти го, мен сүйүүнүн эмес адамгерчиликтин кулу болууга тийишмин, Акберди деле мен деген жигиттин бири экен, бактыма келсе байкабай коюга болбойт, эмне десе макулмун», — деп ойлонуп отурду. Акмат өз оюнда: «Кызда айып жок экен, ата-энесинин карапайымдыгы мени бир аз ирээнжитти, досторум менен кызматташтарым эмне деп ойлошот, балаң кургур аброюмду минтип түшүрөөрүңдү билсем кана», — деп өкүнүп турду. Акыры ал бир жооп айтышы керек эле, тамак бүтүп калганда:

— Акмат, эмне дейбиз, балдар биздин жообубузду күтүп калды, — деди.

— Аа-а, апасы мен каршы эмесмин, демек баарын өзүң даярдай бер, керек десең апамды, Саматты алып сырга салуу аземин уюштур, — деди да Акмат туруп кийине чыгып кетти.

— Ур-ре! — Мырза туруп Акбердиге келип алакан чабыштырды, — Куттуктайм ага, куттуктайм силерди!

— Рахмат, — деп Акберди дагы жылмая Аруужазды көзүнүн кыйыгы менен карады.

— Кут болсун балам, Аруужаз кызым Акберди экөөңөрдү бактылуу болсо экен деген тилегимди кудай кабыл кылсын садагаларым, — Тоту келип экөөнүн ийиндерине колун кое өзүнө тартты, — Бактылуу болгула, — Тоту келип экөөнүн ийиндерине колун кое өзүнө тартты, — Бактылуу болгула, — Экөөнү тең өөп койду, — Эмесе мен Аруужазды үйүнө жеткирип келейин, — деди да Аруужазга карады, — Кызым, мындан ары бул телефон менен Акберди экөөңөр сүйлөшүп тургула, мен ата-энеңе баарын түшүндүрөм, — деди да сыртты көздөй жөнөдү, Акберди Аруужазды жылмая колун көтөрө узатып кала берди. Аруужаз аны күлкүсү келе:

— Энесинин баласы, — деп тилин чыгара карап басып кетти.

— Эй-эй эмне деп жатасың? — Акберди жүткүнө артынан чыкмак болгондо Мырза кармап калды:

— Токтоо бол токтоо, ал кыз сага атайын тийишип жатпайбы.

— Эмне мен ага күлкү болуп кала бермек белем?

— Күлбөйт, ошонун артында сага деген жашыруун сыр жатат досум, — деп Мырза ага күлүп койду, — Демек сүйүү башталды, калганы өзүңдүн колуңда.

— Мен эмне кылуум керек?

— Кызга жолугуп сүйүүңдү айтасың — деди Мырза, экөө ошентип сүйлөшүп отуруп калды, Тоту Аруужазды унаасына отургузуп алып базардан айдоочусун киргизип толгон азык-түлүк алып, анан үйүнө келди, болгонун айтып андан соң бир жумадан кийин кызга сырга салаарын ал үчүн алар убараланбай тынч гана чакырууну күтүүсүн суранып аларга акча таштап кетти. Алар бей-бечара эмеспи, эмне дээрин да билбей кала беришти, кыздын жүрөгү элеп-желеп, заңгыраган үй, кызматчы жалдап үстүңкү кабатта жалтылдаган шайы халаттарды кийип тапочканы бутуна салып каалаганын айтып койсо даяр болгон тамак-ашты элестетип бакыттан башы адашып калды. Ой-кыялы жылмайып алды. Арадан жума өткөндө Акберди менен Мырза келип калды, алар кычырап кийинип алган.

— Аруужаз, бүгүн саат үчтө келебиз, даяр болгула, — деди Акберди.

— Атамдар дагыбы?

— Ооба, баарыңар, бүт даяр болуп калды.

— Жарайт, — Кыз жылмайып койду.

— Аруужаз, экөөбүз дүкөн кыдырып келбейлиби?

— Эмнеге?— Керектүүнү алышыбыз керек.

— Бар го…

— Жо-ок, сен өзүң тандашың керек экен сырганы.

— Чынбы, өздөрү алса болбойбу?

— Сен каалаганды, алар билбейбиз дейт.

— Атамдарга айтып көрөйүнчү, — Аруужаз ичке кирип кетти, Мырза унаанын жанында турган, Мелис келип калды, ал унаадан түшүп эле:

— Сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң? — деди Мырзаны карап.

— Агамдын колуктусуна келгенбиз.

— Кандай — кандай? — Мелис түшүнө бербей кайра сурады.

— Акбердинин колуктусу ушул үйдө турат, а өзүң кайдан жүрөсүң?

— Бул үйдө мен сүйгөн кыз жашайт!

— Эмне-е? — Мырза ага ишенбей карады.

— Ошондой балакай, так-что-о бул жерге жакындабагыла мындан кийин, — деп үй жакты карап Акберди менен Аруужаздын келе жатканын көрүп утурлай басты, — Аруужаз, Аруужаз бул жерде эмне болуп жатат? — Жетип колунан кармамак болгондо ал колун тартып алды, — Аруужаз, мага түшүндүрүп айтчы, бай болгур?

— Мен сени тааныбайм, — Акбердиге кайрылды, — Кеттикпи?

— Албетте, Мырза унаанын жылдыр! — деди Акберди, алар унаага отура бергенде Мелис Акбердини жакадан алды:

— Менин жолумду кесип сен кайдан жүрөсүң?

— Мен сенин жолуңдун бул жакта экенин кайдан билем?

— Бул менин кызым!

— Өзүнөн сура, эгерде сенин сүйгөнүң болсо менин жанымда отурсак эмес.

— Көп кыздын башын айлатпай кое бер!

— Күч менен кармабайм, өзү чечсин, — Акберди Аруужазды карады, — Кеп кезеги сизде сулуу кыз, мен мындай настроение бузгандарды жактыра бербейм.

— Мелис, мен сени эч качан кызың болгон эмесмин! — деди Аруужаз, — Качан сен мага кызым бол дедиң эле, качан мен сага сүйөм дедим эле, бир көргөн кызга мындай мамиле кылганың адилеттик эмес, мен азыр Акбердинин колуктусумун, жолубузду тоспо!

— Аруужаз!

— Саат үчтө бизден куда түшүү салттык тоюбузга кел, — деди Акберди, — Айда Мырза, кечигип калбайлы, иштер көп.

— Жарайт, — Мырза унааны айдап жөнөдү, Мелис жинденген бойдон өз унаасын бир урган бойдон кала берди. Ошол күнү ал: «Дели» ресторанында болду, Акмат Исманович дагы бир топ достору менен келген, кыздын ата-энеси чыкыя кийинишип төрдө, салттуу жөрөлгөнү Акмат Исмановичтин апасы болбогондуктан Сайра улап уул-келинге келип ак батасын берип сөйкөнү салды, кол чаап шаңдуу музыка коштоп Акберди менен Аруужаз бактылуу болуп турду. Мелис четте карап туруп: «Ушундай чоңдун баласы болуп туруп эмнеге карапайым жумушта иштеп жүрдү экен, Аруужазды кайдан таап алды, мейли эми мага буйрубаган экен», — деп ойлонуп аларды чын дилинен куттуктамак болуп маңдайына келди:

— Куттуктайм!

— Рахмат.

— Бактылуу болгула.

— Айтканың келсин, — Акберди Аруужазды карай жылмайды.

— рахмат, айтканың келсин, — деди ал дагы, аларга куттук айтып алып ичи туз куйгандай ачышып: «Кандай сулуу кыз эле, өзүмдүн текеберчилигимден андан калып калдым, ушунда адамдар анын жардылыгына карабай келип кылып жатканда биз эмне болдук. Менин атам да апам да буга макул болмок эмес», — деп ойлонуп акырын ресторандан чыгып кетти. Ал ушул кезде байлыкты жек көрүп кетти: «Байлыкка көз каранды болуу адамдын айыкпас оорусунан дагы жаман тура, анткени байлыкка көпкөн адам өзүнүн бир кезде бечаралардай эле кара жерге жатаарын, ошол толгон байлыгы өмүрүн алып кала албасын, карандай ак сурпка оронуп жылаңач кетээрин сезбей калат тура, мен атамдын тилине кирип байлык баары болуп берет деген ишеничке байланып алыпмын көрсө, жүз сомуң болгончо жүз досуң болсун дегендин чындыгын эми билдим, азыр бир дагы досум жок, андан көрө мен Акберди менен достошуум керек», — деп ойлонуп кетип жатты. Ошол күнү сөйкө салып Акберди Аруужаз менен ата-энесин үйүнө жеткирип келди, андан соң үйүндө сүйлөшүүлөр болду, бир айдан кийин үйлөнүү тойду өткөрмөк болуп чечишти, бул кабарды Акберди Аруужазга атмак болуп бөлмөсүнө кирип телефонун басты:

— Алоо кандайсың жаным? — дегенде кыздын назик ичке үнү угулду.

— Жакшы, өзүң кандай?

— Эми эле ажырашсак дагы сагынып кеттим.

— Чын элеби? — Кыз жылмайгандай болду, — Бул сөздү өзүмө айтсаң болмок.

— Ошол үчүн апаңдын баласысың да, — Бырс этип күлгөнү угулду.

— Аруу, тоюбуз туура бир айдан кийин ошол ресторанда өтө турган болду.

— Анчалык эмнеге эрте?

— Мен үчүн өтө кеч болуп көрүнөт.

— Кантип эле, бирок биз жетише алабызбы?

— Сен кабатыр болбо, баары жайында болот жаным.

— Кудай колдосун.

— Аруу…

— Угуп жатам.

— Сен мени сүйөсүңбү?

— Билбейм, а сенчи?

— Мен сени жанымдан да артык көрөм Аруу.

— Мен али билбейм, — Аруужаз аны сынай күлдү.

— Айтсаң Аруу.

— Билбейм дедим го, мен апамдарга айтуум керек.

— Макул анда, жакшы жат жаным, — Акберди телефонду өөп койду.

— Жинди! — Аруужаз күлүп кубанычтуу, — Оо есть! — деп алды да үйүнө кирди.

— Эмне болду Аруу, тынччылыкпы деги? — Каным кызын сынай карады.— Эчтеке, эмнеге сурадың апа?

— Билбейм, так секирип өзүңчө кубангандай колдоруңду көтөрүп жаттың го?

— Аа-а, — Аруужаз кызарып кетти, — Апа, эмки айда той болот дейт…

— Эмне, ошончо эртеби?

— Ооба, азыр Акберди чалды.

— Ээ Болотбек, эми эмне кылабыз? — Каным күйөөсүнө кайрылды.

— Эмне болуп кетти?

— Бир айдан кийин той деген тура.

— Анча эмне шашты экен, эмне кыла алабыз…

— Эч бир сөз кошо албайсың, ини-карындашыңды чакыр, мен агам менен эжемдерди үйгө чакырайын, кеңешип кескен бармак оорубайт дейт го, эми эле кудаңа айтып кой, кудаң андай тура, тигиндей тура, дешип келишет, акыбалыбызды көрүп турушат жардам берээр, — деди Каным күйөөсүнө.

— Макул, эртең тамак-аш даярда, мен баарына телефон чалайын, келебиз дешсе анан көрөбүз да, — деп Болотбек Аруужаздын телефонун алды да улам бирине чалып сүйлөшүп жатты, — Эми сен өз төркүндөрүңө өзүң чал.

— Сен эле чала бер, эмне көрбөй жүрдүң беле?

— Макул, — Болотбек ошентип кайын журту менен иниси менен карындашына, бир эжесине, туугандарына кайын журтуна чалды, туюгунан айтканга баары башкача ойлоштубу эртеси түш оой бир-экиден келе баштады, алар Болотбекти көрүп эс ала түшүп бакылдап учурашып жатышты. Кечке жуук баары келип үйгө толду, Каным казан толтуруп аларга сый тамак жасады, мурункудан үй-жайы оңолуп калганын көрүп туугандары ичтен кубанып калды. Ошондо Канымдын бир тууган агасы тамак алдыга келе электе сөз баштады:

— Күйөө бала, кудайга шүгүр жакшы болуп калыпсың, бул чакырганың жакшылык болсун, кандай сөзүң бар?

— Туугандар, — Болотбек баарын тегерете карады, — Менди бир кыз бар, калганы уул эмеспи, ошол кызыма өкмөттө иштеген бир кызматчы сөйкө салды, силерге айтууга жетише албадык, эми бир айдан кийин тоюн өткөрмөк болуп жатат.

— Жакшы болуптур, эми эмне дегиңер бар? — деди Канымдын эжеси кекеткендей, — Башында, кашында болбосок эми эмне кыла алабыз, өзүңөр баштаган экенсиңер өзүңөр бүтүрө бергиле да.

— Эже, — деди андан кичүү агасы Тейит, — Булардын колунда болбосо биз карап турабызбы? — деди эле баары жабырап кетишти, талашып тартышып отуруп ар кимиси өзүнүн бере турганын айтышты, анан тамак ичилген соң Аруужазга ак баталарын беришти да ошол эле күнү тарап кетишти, андан кийин алар союшун, акчасын кийит кече, килемдерин алып келе баштап, бир айдын ичинде кыздын себин даярдап жиберишти. Той да болуп өттү, бул той мурда болуп көрбөгөндөй болду, Мелис дагы Акбердинин тоюна ата-энеси менен келди, Аруужаз абдан бактылуу жан болуп турмуш босогосун аттады, Тоту алардын үйүн, жашоосун Акматка билдирбегенге аракет кылып жалаң кафе, ресторандан жолугушуп, аларды өз үйүнө коноктоп келин алганын, уулунун бактылуу жүзүн көргөнгө кубанып жүрдү. Кызык, бул турмушта ачуу менен таттуу, ысык менен суук бирге адамдарды курчап тургандай эле жаман-жакшы, адал-арам, колунда бары-жогу дагы бул жарыкчылыкта бирдей абада дем алып, таң атып кеч киргени, жарыкчылыкта бирдей жашап болгону бардар жана ток болуп өмүр сүргөнү баардык пенделерге белгилүү эмеспи. Бул өмүргө келгенде жылаңач келсе өтөөрдө дагы жылаңач кетет, муну кээ бир мансап күткөндөр моюнуна албай байлык менен гана өмүрдү татыктуу сүрүүгө болот деп ишенип алып бей-бечараларды катарына албай бир күнү дүйнөдөн өтүп кете берет. Көр дүйнөнү жыйганы менен оопасыз дүйнөдө калтырып канчалык күнөөгө батканын да сезишпейт. Акмат өкмөттүк кызматка келгенине аз болсо да өмүр бою кызматтан көтөрүлүүнү көздөп далайдын чөнтөгүнө солой акча салып, кээсине тартууга мендеген жылкыларды берип, карышкыр аюнун терисин тартуу кылып ар бир кызматты сатып алганга тете болгонун сезбеди, анын мыкчырылган мүнөзүн жалгыз уулунун боорукерлиги, ак жүрөктүгү менен тайбастыгы гана өзгөрттү. Ооба, колунда жок адам деле өзүнөдөй пенде экенин билди, жалгыз келини Акылкарачачтай акыл-эстүү, Айчүрөктөй сулуу келин болгонуна өзү да ыраазы. Мурдагыдай катаал эмес, эртели кеч жумуштан келгенде Аруужазды көргөндө чекесинен өөп батасын берип турат. Жыл айланбай Аруужаз балканактай уул төрөп алды, анын атын Бакай коюшту, кан Бакайдай акылман, жана кара кылды как жарган калыс болсун, кылымдады карытып аты өчпөгөн кадырман адам болсун деген тилек менен ушинтип ат коюп небере жытына балкып бакыттын дагы бир түрүнүн даамын сезип турган чагы. Болотбек менен Каным бешигин алып келип берип кетишти, ошондон кийин көңүлдөрү тынып өз үйүн оңдоого киришти, Аруужаздын арты менен үч иниси тең мектепке окуп, Каным килтейген контейнер алып соода кыла баштаган. Акмат жумуштан келип эле Бакайдын бөлмөсүнө кирет, уктап жатса дагы колуна алып өйдө-төмөн көтөрүп эркелетип:

— Бөпөмбү ушул, кичинекей кеменгерим бекен, Бакай кана мени карачы уулум, — деп шор-шор жыттап алат.

— Атасы, баланы антпей жүрчү, оор болот имиш, — дейт Тоту.

— Эмне оор болот экен?

— Кеменгер деген, улуу адамдардын аты наристеге оор болот дейт.

— Айта берет, менин неберем кан Бакайдай акылман болот.

— Болсун атасы болсун.

— Күчүгү, кичинекей бөпөм, — Көзүн жумуп али бул дүйнөнүн удуң-шудуңунан, адал арамы менен куулук-шумдугунан капарсыз бей капар уктап жаткан наристенин ууртунан өөп-өөп алды, — Атасынын бел боосу го ушул.

— Кудай кут кылсын атасы.

— Бактылуусуңбу байбиче? — Акмат аялынын жанына отурду.

— Айтпа, кудайым кут кылсын, көз тийбесин Акмат, — Тоту күйөөсүнүн ийинине башын жөлөй оор дем алып алды.

— Эмне, жүрөгүңдү өйүгөн бир нерсе барбы?

— Бар эмей…

— Ал эмне Тоту?

— Мырзаны үйлөнтүүбүз керек атасы.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE