Пример HTML-страницы

КЕЧИККЕН МАХАБАТ…

https://kyrgyzcha.site/?p=57524&preview=true Кызыктуу окуялар.

КЕЧИККЕН МАХАБАТ

=••=••=••=••=••=••=••=••=••

Караңгы кирген убак. Бүгүн Анардын кабагы салыңкы. Адаттагыдай эле тамактанып бүтөрү менен керебетине барып тамды карап жатып алды. Кызы апасынын мындай түшүнүксүз абалына чексиз бушайман эле. Бир топко чейин унчукпай отурду да:

— Апа, сага эмне болду?-деди бир маалда чыдабай кетип.

Апасы үндөбөдү.

— Апа дейм! Акыркы убактарда көп сүйлөбөс болдуң. Эч нерсеңди айтпайсың, көп ойлоносуң, дайыма капалуусуң. Апасы менен кызы сырдаш-курдаш болот деп айтышат го, а биз болсок…

— Жайыма койчу мени! Сага айтканда эмне, баары бир колуңдан эч нерсе келбейт.

— А балким, жардам берүүгө жарап калармын. Апо-ов, апо-ов дейм…

Эркелеген Кундуз апасынын жанына келип мойнуна асыла кетти. Анан бетинен өпкүлөп жатып, апасынын сууланган жүзүн байкап чочуй түштү.

— Апаке, ыйлап жатасыңбы? Көз жашыңдын минтип көл болушуна ким себепкер болду? Менби? Таарынтып алдым беле? Кечирип койчу эгер ошондой болсо… Бир гана суранарым, ыйлабачы. Жүрөгүмдү оорутпачы, апа.

Жанында сабылып турган кызын көрүп боору ооруп кетти эненин. Бала деген бала да. Жүрөгү чыдамак беле. Ордунан тура калып бооруна кысты.

— Көлөкөм десе, мени ойлоп эмне кыласың?!

— Ошентсе деле айтсаң, апа, эмнеге ыйлап жатасың?

— Мен… мен сенин атаңды көрдүм. Өз атаңды.

— Качан? Кайдан көрүп жүрөсүң аны?-күтүүсүз мындай кептен улам Кундуздун оозу ачылды.

— Эки жума мурда шаарга барбадым беле, эсиңдеби? Капыстан эле жолугуп калдык. Ажырашканыбызга көп жыл болсо да мени алигиче унута албай жүргөнүн, көп нерсеге өкүнөрүн, сени көргүсү келерин айтты. Байкуш аябай жүдөп алыптыр. Кантсе да бойдоктун иши бойдок эмеспи. Аялы бар болгондо мындай болмок эмес да.

— Анын эмнесине бооруң ачыйт? Андай эле жакшы адам экен, эмне үчүн ушуга чейин мага бир жолу келип койгон жок?-жини келе түштү кыздын.

— Ал кандай болсо да өз атаң. Сени жарык дүйнөгө алып келген. Антип айтпа, балам. Азыр ойлосом, учурунда болор-болбос таарынычтардан улам эле ажырашып кетиптирбиз. Эгерде ошондо бир аз чыдамдуу, сабырдуу болсок, жолубуз эки башка кетмек эмес экен. Буга экөөбүз тең күнөөлүүбүз. Мен кийин кайра турмушка чыктым. Жолдош деле жаман күйөө болгон жок. Сени бапестеп багып-чоңойтту. Эми жыргалыңды көрөрдө оорудан улам каза болуп калбадыбы бечара. Менин таң калганым, Жолдош менен канча жыл чогуу жашасам да, өз атаң Мелиске болгон сүйүүмдүн өчпөй койгону болду. Ушул күнгө чейин унута албай келем. Анан ошентип жүргөнүмдө минтип жолугуп калып атпайбы. Мелисте күнөө жок, кызым. Аны жөн жерден жаман көрө бербе. Сен кичинекей кезиңде бат-баттан келип сени көрүп, сагынычын таратып турчу. Кийин мен турмушка чыккандан кийин эле айласы жок келбей калган. Себеби, Жолдош экөөбүздүн ортобуздагы мамилени бузгусу келген жок. Ал келген сайын ыраматылык атаң кызганычтан улам чыр чыгарып жиберчү да. Ошол бойдон Мелис такыр үйлөнгөн жок. Жалгыз калды. Экөөбүздүн ажырашуубуз жаңылыштык болгонун, мени гана сүйөрүн ал да кеч түшүндү. Бир жолу жолукканымда: «Эми мен жалгыз өтөм. Сени күтөм өмүр бою. Кайра мага кайрылып калар күнүңдү күтөм. Күнөөмдү ошентип жууйм. Менин жашоомдо сенин ордуңду башка бирөө ээлей албасын билдим»,-деген эле. Ошол сөзүнө турду.

— Айтсаңыз, анан эмнеге капасыз?

— Мен аны дагы көргүм келет. Сагынып жатам. Кусалык жүрөгүмө толуп кетти билсең. Ушунча жыл өзүм Жолдош менен жашасам да, жүрөгүм Мелистен ажырабай койбодубу. Аны ким түшүнмөк эле?! Ошентсе да ыраматылык атаңа туруктуу жар болдум. «Мелисти сүйөм, аны менен кайра элдешем, ортобузда кызыбыз турат» деп басып кетип калбадым. Эми минтип мен да жалгыз, атаң да жалгыз…

— Атам?

— Ооба, атаң. Ата деп жүр аны. Андан намыстанба, тескерисинче, сыймыктан. Анткени, сен чексиз бактылуусуң. Эки атаң бар. Экөө тең сени жанындай жакшы көрүшөт. Сен аларга ошондой мамиле кылууң керек.

Ошол бойдон экөөндө тең сөз түгөндү. Анар да, Кундуз да өз-өзүнчө ойго батып жатып уктап кетишти.

***

Апасынан атасы жашаган айылды билип алып, Кундуз бул күнү атасын издеп көрүүнү чечти. Атасы менен бетме-бет жолугуп сүйлөшүүнү каалады, көргүсү келди. «Кызык, кандай адам болду экен? Апамдын айтымында, мага окшош окшойт»,-толкунданып алды ичинен көчөнү бойлой басып баратып. Аңгыча маңдайынан эки бала чыкты.

— Ай, балдар, бул айылдан Мелис аттуу адамды издеп жүрдүм эле, жардам бере аласыңарбы? -деди Кундуз тигил балдарды токтото калып.

— Кайсы Мелис? Мелис аттуулар көп да. Дарегин айтсаңыз таап беребиз.

— Ошо дарегин билбей жатпаймынбы. Кыскасы, көп жыл мурун ажырашып кеткен. Ошол бойдон кайра үйлөнгөн эмес.

— Эже, атын билбейбиз, бирок тээтигил үйдө сиз айткандай бир байке жалгыз жашайт. Ажырашып кеткенине көп болгон. Чакырып берели, өзүңүз сүйлөшүп көрүңүз.

Али аныгын билбесе да азыр атасын көрчүдөй кубанып кетти кыз. Балдар чуркап кетишти. Көп өтпөй жашы кырктарга келип калган, бирок өз курагынан алда канча жаш көрүнгөн, чымыр денелүү, сулуучумак келген эркек жанына басып келди. Жанатадан бери толкунданып жаткан кыздын денесин эми майда калтырак басып, эмне дээрин билбей оозунан сөзү түштү.

— Саламатсыңбы, чоң кыз?

Кыздын балбылдаган бото көзүнө, узун кирпиктерине, айдай жүзүнө арбала түшкөн эркек ушинтип айткан бойдон унчукпай тиктеп туруп калды.

— Саламатчылык, -угулар-угулмаксан уяң жооп угулду кыздан.

«Кандай келишимдүү адам! Жалгыз болсо да таза, тыкан кийингенин көр. Аялы жок деп ким ойлойт? Сылык-сыпаа, жылдыздуу жан тура. Бир көргөн аялзатын сүйдүрүп алуучу касиетке ээ экен, анан эмнеге ушунча жыл жалгыз жүрдү?» Бул тапта Кундуз ичинен маңдайында турган эркекке бир чети суктанып, бир чети ашык болуп баратты. «Мен эмне акылымдан адашып жатам? А балким, бул адам менин атам болуп калсачы?» -эми гана эсине келе түштү кыз.

— Чакыртыптырсың го. Мени тааныйсыңбы? Атың ким болот?

— Атым Кундуз. Ушул айылда жашаган Мелис аттуу адамды издеп жүрдүм эле. Көп жыл мурун ажырашып, ошондон бери жалгыз жашайт. Бирок мен ал адамды тааныбайм, али көрө элекмин.

— Аа, эми түшүнүктүү. Мен да ошол сен айткан Мелиске окшошмун. Болгону, атым башкача — Нурбек,-кызга жылмая карап, «таанышып алалы» дегендей колун сунду Нурбек.

Нурбек колунан назик кармаганда Кундуздун дене-бою дүркүрөп кетти. Кызык, канча жигит таанышса да, өмүрүндө мындай болгон эмес. Мына бул өзүнөн бир топ жаш улуу адамдын магниттей тарткан мынчалык эмне касиети бар болду экен? Уялганынан бети тамылжый түшкөн кыз колун тартып алды.

— Кечиресиз, сиз мага жардам бере албайсызбы? Балким, тааныйт чыгарсыз…

— Айылыбыз өтө эле чоң. Мында жашагандардын баары эле бирин-бири тааный бербейт. Биздин тегеректе андай адам жашабайт. Бирок сен капа болбо. Аны сөзсүз табасың. Бүгүн болбосо башка күнү.

— Чын эле башка күнү издейинчи. Азыр болсо кетейин.

Кундуз кетүүгө камынды.

— Кундуз, токтосоң,-Нурбек кыздын колунан кармай калды,-Байланышып турбайлыбы. Мага телефон номериңди калтырып кет.

— Мейли, берсе берейин. Чалып туруңуз,-ойлонбой туруп макул болду кыз.

Нурбек Кундузду айылдын четине чейин узатып келди да, коштошуп жатып бетинен өптү. Бул күнү үйүнө келген кыз кечке Нурбекти ойлоду. Эмнеге ойлоп жатканын өзү деле түшүнбөйт. Бирок эмнегедир эле жүрөгү элеп-желеп болуп, көңүлү алда-кайда алып учат. Кыялдардын кучагына байланып, жүзүнө өзүнөн-өзү жылмаюу пайда болот. «Мен эмне болуп жатам? Нурбекти сүйүп калган жокмунбу?» -деп сурайт анан кыз өзүнөн-өзү. Жооп жок. Жооп ордуна кайра эле жылмаюу, табышмактуу бакыт. Аңгыча эле телефонуна SMS келди. Ача салса Нурбектен экен. «Кандайсың? Үйүңө жакшы жеттиңби? Бейкапар жүргөнүмдө капыстан жолугуп, жүрөгүмө бүлүк салып кеткен периште азыр эмне кылып отурат болду экен? А менин оюмда сенсиң. Сени көргөндөн бери мен үчүн жашоонун кызыгы пайда болду ишенсең. Билем, мен сени таптакыр кызыктырбасам керек. Сендей он гүлүнүн бири ачыла элек он сегиздеги селкиге мендей кыркка келген адамдын кереги деле жоктур. Эгерде бул жазганым сага катуу тийип жатса кечирип кой. Жөн гана сага болгон сезимимди ичиме жашыргым келбеди. Бир көрүп сүйүп, өзүмө-өзүм батпай отурам билсең. Сени көргүм келет. Жок дегенде мага эми бир жолу көрүнүп койчу. Башка суранбайын, кечиккен махабатым… » Ушинтип жазылыптыр SMSте. Кундуздун көздөрүнөн бир заматта учкун жана түштү. Каректерине жаш тегеренип кетти. Бул кубанычтын жашыбы же өкүнүчтүнбү, өзү да аныгын билбей турду. «Саламатсызбы, Нурбек. Үйүмө аман-эсен жеттим, сураганыңызга рахмат. Атамды издеп жүрүп сизге жолуктум. Бул да болсо пешенеге жазылган жазуудур. Атамдай эле адам экенсиз. Мага болгон сүйүүңүзгө эмне деп жооп кыларымды билбейм. Балким, мени кызыңыз катары сүйүп жаткандырсыз. Ойлонуп көрүңүзчү… «-деген жоопту жиберди Кундуз. Көп өтпөй кайра эле жооп келди: «Жок, мени сени эркек катары сүйдүм. Сүйүү жашка карабайт эмеспи. Дагы суранайын, бир жолукчу. Аячы мени. Жүрөгүм кумга түшкөн балыктай туйлап, убакыт жылбай токтоп калды мен үчүн. Көрүнчү, аруу махабат». «Жан дүйнөсү мынча назик жан! Сүйлөгөн, жазган сөздөрү көркөм, үнү мукам. Эргитип жиберет го, чиркин!» -деп ойлогон Кундуз «эртең кечке маал биздин айылдын четинен жолугалы» деген жооп жазып жөнөттү.

Эртеси болжошкон жерге барса, Нурбек эбак машина менен келип күтүп туруптур.

— Саламатсыңбы? Сени келбей коёбу дедим эле.

— Кантип келбей коёюн убада кылган соң.

— Мени кечирип кой, мындай болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сендей жаш кыз менен таанышам, анан аны бир көрүп эле акылымдан адашкыча сүйүп калам деп таптакыр ойлобоптурмун. Дегеле, ушул жашымда мага сүйүү келерин кайдан билдим?!

Кыз унчукпады. Тек гана Нурбектин келишимдүү бой-келбетине, жылдыздуу жүзүнө суктана карап, ага азыр кечээкиден да тартылып баратканын, кандайдыр бир табышмактуу күч мына бул маңдайындагы эркекке жипсиз байлап койгонун түшүнүп-түшүнө албай турду. «Кантип эле ушундай болсун?-деди акылы бир маалда,-Жаш жигиттер калбай калгансып улуу адам менен мамиле түзгөнүм туура эмес го. Бирок…»

— Эмне дээриңди билбей калдың окшойт. Мен сени шаштырбайм. Жүрү, азыр менин үйүмө баралы. Бир аз сүйлөшүп отурган соң кайра жеткирип коём. Эч кабатыр болбо,-деди аңгыча Нурбек кыздын оюн бөлүп.

— Үйүңүзгөбү? Уят го.

— Уят эмес. Атайын сен үчүн дасторкон даярдагам. Өз колум менен тамак жасадым. Шагымды сындырба. Мен сага тийбейм, коркпо. Жүрөгүм сүйгөн адамга жамандык кылмак тургай, катуу айтып көңүлүн ооруткум келбейт.

Нурбектин бул сөзүнө Кундуз муюй түштү. Эмнегедир ишеними пайда болду да, унчукпай барып машинага отурду. Тез эле Нурбектин айылына кирип келишти.

— Мына, үйгө келип да калдык,-деди Нурбек машинанын эшигин ачып жатып.

Заңгыраган чоң үй-жай экен. Баары жетиштүү экени көрүнүп турса да, аял кишинин жок экени билинбей койбоду.

— Көрдүңбү, үйгө кожойке эле жетишпей турат. Мен канчалык ирээттеп, тазаламыш болсом да ушинтип окшошпой калат,-күлө сүйлөдү Нурбек,-Кел, бул жерге отур. Тартынба.

Кундузду колунан кармап төрдү көздөй жетелеген Нурбек капыстан кыздын белинен имере тартып кучактай калды. Экөөнүн көздөрү тиктеше түштү бул убакытта. Күтүүсүз мындай окуядан кыздын бүтүндөй денеси чымырап, өзүнүн эмне болуп жатканын түшүнбөй баратты. Анткен менен Нурбектин кучагынан жулунуп чыккысы келбеди. Тескерисинче, эркектин коңур жыты, күчтүү билектери, чымыр денеси башын айлантып, өзүнүн сүйүүнүн айлампасына түшүп калганын бул жолу жазбай түшүндү. Оюн жыйнап-жыйнай электе эриндерине чапташа калды эриндер. Кудум гүлгө жабышкан аарыдай болуп эриндеринин балын соргон эркектин кучагында коргошундай көлкүлдөп эрип, эми даана сүйүүгө мас болуп, Кундуз бул мүнөттөрдө өз эркин башкарууга кудурети жетпей баратты.

— Жаным, асылым, кечиккен аруу махабатым. Сени сүйөм. Түбөлүккө сүйөм. Ишенчи мага. Мен сени башка эч кимге бергим келбейт. Мендик болчу, суранам. Мен сени бактылуу кылууга кудуретим жетет. Сенсиз жашагым да келбей калды. Апаңа барып колуңду сурайын, макулсуңбу?

— Бир аз убакыт бериңиз, ойлонуп көрөйүн.

Кыздын «жок» деп айтпаганына эле бактылуу болуп, үмүт байлаган Нурбек кызды так көтөрүп тегеретип жиберди.

***

Далай жолу жолугушуп, сүйлөшүп жүрүшкөн соң акыры бир күнү Нурбек Кундуз менен бирге кыздын үйүнө колун сураганы келди. Нурбектин мурда ажырашып кеткенин угар замат Анар каршы чыкты:

— Сенден бир топ жаш улуу экен, теңиң эмес. Анын үстүнө, турмуш көрүптүр. А сен али турмушка чыга элек жаш кызсың. Он сегиздеги кыз кыркка келип калган эркекти сүйөт деген эмне тамтык! Эмне, жаш жигиттер табылбай калдыбы? Ой, азыр күйөөнү коё турсаң боло. Эрте да сага.

— Мен сизди түшүнөм. Бирок Кундузду бактылуу кыла алам. Мага ишениңизчи. ыйлатпайм Кундузду. Биз бири-бирибизсиз жашай албайбыз,-кепке аралашты четте турган Нурбек.

— Жок, мен сага кызымды бербейм. Кет! Турмуш көргөн жубандар толтура. Ошолордун арасынан өз теңиңди тап!-кесе сүйлөдү Анар.

Нурбекке ушул сөз катуу тийди окшойт, шарт бурула үйдөн чыгып кетти. Бул күнү ыйлай берип көзү тоодой шишиген Кундуз кечке маал кан тамырын кесип жиберип ооруканага түштү. Эсине келсе жанында апасы, анан дагы бир киши отуруптур.

— Берекем, көзүңдү ачтыңбы деги?! Аман калганыңа шүгүр. Экинчи мындай акылсыздык кылбай жүр. Мени кечирип кой, кызым. Нурбек экөөңө айткан сөздөрүмдү кайра артка алдым,-деди апасы ыйлап жатып.

— Рахмат, апа. Бирок кеч да эми. Нурбек кетип калбады беле.

— Нурбек да келген. Сыртта турат күтүп. Биз чыккандан кийин ал кирет палатага.

— Нурбек келдиби? Кандайча?-уккан кулагына ишенбеген кыз кубанып кетти.

— Кызым, бул өз атаң Мелис. Кан тамырыңды кесип жибергениңди көрүп, эмне кыларымды билбей телефон чалып чакырсам дароо келиптир. Сени ооруканага алып келди атаң. Нурбекти тааныйт экен. Экөө бир айылдан тура.»Абдан жакшы жигит, Кундузду бактылуу кылат. Жолтоо болбо, бактысына балта чаппа»,-деди. Анын үстүнө, баламсың да, сен мынча сүйсөң, каршы болбой эле коёюн деп чечтим. Кечир, кызым.

Бул мүнөттөрдү сөз менен айтууга мүмкүн эмес эле. Кундуздун бактысына чек жок болчу. Кечээ эле ааламы астын-үстүн түшүп, жашоосу бүтүп калгандай сезилсе, бүгүн минтип бакыт кушу колуна конуп отурат. Мына, атасын, өзүн жарык дүйнөгө алып келген адамды көрдү. «Ата, мен сизди издеп жүрүп сүйүүмө жолуктум. Сиз болбосоңуз Нурбек экөөбүз жолукпайт элек. Мен сизди ушунчалык жакшы көрөм, атаке…»-деди ичинен кыз атасын кучактаган калыбында. Кундуздун көзүнөн мончоктоп жаш куюлду эрксизден. Бул кубанычтын, бакыттын көз жашы эле…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE