Пример HTML-страницы

Жума намазынын фарздары 

https://kyrgyzcha.site/?p=55863&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Жума намазынын фарздары

Жума күнү он алты рекет намаз окулат. Мунун ичинен эки

рекетин окуу фарз. Бешим намазынан дагы күчтүү фарз. Жума

намазынын фарз болуусунда эки түрдүү шарт бар:

1. Ада (аткарыла турган) шарттар.

2. Вужуб (керек болгон) шарттар.

Ада шарттарынан бири кем болсо намаз кабыл болбойт. Ал эми

вужуб шарттары болбосо, кабыл болот.

Ада, б.а Жума намазынын кабыл болушу үчүн аткарылуусу

талап кылынган жети шарт бар:

1. Намазды калаада окуу. Калаа – жамааты эң чоң мечитке

батпаган жер.

2. Мамлекет башчысынан же валинин (башчынын) уруксатын

алып окуу. Алар дайындаган хатиб өзүнүн ордуна башкасын өкүл

коё алат.

3. Бешим намазынын маалында окуу.

4. Маал киргенде хутба окуу. (Аалымдар Жума күнү хутба

окуу намазга турганда «Аллаху Акбар» деп айтуу сыяктуу дешет.

Башкача айтканда, эки хутбаны тең арапча гана окуу керек. Хатип

ичинен «Аузу» окуп, кийин бийик үн менен хамд, санаа, калимаи

шахадат жана салат-у салам окуйт. Андан соң соопко, азапка себеп

боло турган нерселерди эскертип, анан аят окуйт. Отуруп турат.

Экинча хутбаны окуп, вааздын ордуна мусулмандарга дуба кылат.

Төрт халифанын атын атоосу мустахаб. Хутбага дүнүйөгө тийиштүү

сөздөрдү аралаштыруу харам. Хутбаны расмий кеп түрүндө окуп,

конференция сыяктантып жибербөө керек. Хутбаны кыска окуу –

сүннөт, узун окуу – макрух).

5. Хутбаны намаздан мурун окуу.

6. Жума намазын жамаат менен бирге окуу.

7. Мечиттин эшигин бардык адамдарга ачуу.

Жума намазынын тогуз вужуб шарты бар:

1. Шаарда, айылда жашоо. Сапардагылар үчүн фарз эмес.

2. Ден-соолугу чың болуу. Оорулууга жана оорулууну таштап

жанынан чыга албаган адамга жана өтө карыган адамдарга фарз

эмес.

3. Эркин болуу.

4. Эркек болуу. Аялдар үчүн фарз эмес.

5. Акыл-эстүү, балагаткакирген, башкачаайтканда, «мукаллаф»

болуу.

6. Сокур болбоо. Жолдо аны жетелеп бара турган бирөө бар

болгон жагдайда дагы көзү көрбөгөндөр үчүн фарз эмес.

7. Басканды билүү. Инвалиддик коляскасы бар болсо да шал,

буту жок адамдар үчүн фарз эмес.

8. Туткунда болбоо жана душман, өкүмөт, заалимден коркунуч

болбоо.

9. Нөшөрлөгөн жамгыр, өтө калың кар, бороон, ылай жана

катуу сууктун болбошу.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE