Пример HTML-страницы

Ак-Түздө тоңгон оргума ээриди. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Ак-Түз айылына жакын жердеги оргума ээриди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Суук катуу болгон жылдары ал 20 метр бийиктиктен 30 метр бийиктикке чейин тоңот. Быйыл 16 метр гана бийик болуп тоңгон.

Жергиликтүү тургундар анын аймагын 21-апрелде сүрөткө тартып алышты.

Кемин районунун Ак-Түз айылы 1938-жылы түптөлгөн. Айыл аймагы райондун борборунан 45 чакырым, облустун борборунан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айыл аймагы бир айылдан туруп, анын аянты 95,6 гектарга барат.

Жалпы калктын саны 2021-жылы 827 киши деп катталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE