Пример HTML-страницы

Ош облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери акыркы сапарга узатылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-апрелде Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Мирмахмудов айыл аймагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Карабай Бозорбоев акыркы сапарга узатылды.

Тurmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Шайлообек Козубаев, Талант Арстанкулов, район акиминин орун басары Нургүл Зулпиева жана тургундар катышты.

Ардагер Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкерлеринин катышуусунда акыркы сапарга узатылды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, Карабай Бозорбаев Улуу Ата Мекендик согуштун Ош облусундагы жалгыз ардагери болчу.

Карабай Бозорбоев бүгүн, 30-апрелде 99 жашында көз жумду.

Райондук администрациянын маалыматы боюнча, ардагер 1925-жылы 20-майда туулган. Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Чапаев айылында жашап жаткан.

Ал 1931-жылы башталгыч мектебине 1-класска барып, ал мектептен 5-класска чейин билим алган.

1936-1940-жылдарда Чапаев колхозунан эмгек жолун баштаган. 18 жаш курагында, тактап айтканда 1943-жылы согушка аттанып, Ленинград шаарында болгон. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган. Согуш мезгилинде алган жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган.

1948-жылы согуш аяктагандан кийин өз эли-жерине аман-эсен кайтып келип, Чапаев колхозунда эмгектенип, пенсия жашына чейин кызмат кылган.

Карабай Бозорбоев жубайы Вазипа Бозорбоева менен биргеликте 4 уул, 2 кызды тарбиялады. Уччурда 20 небере, 70 чөбөрө, 4 кыбырасы бар. Жубайы 2018-жылы 86 жашында оорудан улам каза болгон.

  • 2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 41 адамды түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE