Пример HTML-страницы

Ат-Башыда Улуу Жеңиш майрамы белгиленди

Акыркы жанылыктар

Turmush

Бүгүн, 9-майда Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүндө Улуу Жеңиш майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, анда өчпөс отко гүл чамбар коюлуп, асманга эскерүү огу атылды. Майрамдык салтанатта райондук маданият кызматкерлеринин жеңишти даңазалаган чыгармалары аткарылып, райондук Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары тарабынан ыр-бийлер тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE