Пример HTML-страницы

«Beeline Кыргызстан» компаниясынын Жалал-Абаддагы кызматкерлери «Жашыл мурас» долбооруна активдүү катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushӨлкөдө өтүп жаткан «Жашыл мурас» өнөктүгүнө «Beeline Кыргызстан» компаниясынын Жалал-Абад шаарындагы кызматкерлери да өз активдүүлүктөрүн көрсөтүп жатышат. Компания өкүлдөрү долбоор башталгандан бери өз офистеринин айланасына ишембилик жасап келишсе, бүгүн шаар мэриясы бөлүп берген жерди тазалашты.

«Beeline Кыргызстан» компаниясынын Жалал-Абад шаарындагы жетекчиси Алмаз Мамасеитовдун айтымында, кызматкерлер калаадагы Барпы-Сейил көчөсүндөгү чакан аллеяны тазалап, бак-дарактарды акташты.

«Өлкөнүн тазалыгы үчүн жүрүп жаткан кампанияда биз да өз активдүүлүгүбүздү көрсөтүп жатабыз. Бул өнөктүккө ар бир адам жоопкер деп ойлойм. Имаратыбыздын айланасын, көчөнү тазалоого ар апта сайын чыгып жүргөнбүз. Бул жолу шаар бийлиги бөлгөн жерди тазалап, актадык. “Тазалык жалпыбызга”, бул баарыбыздын урааныбыз болуш керек. Ар бирибиз жашаган, иштеген жерибизди таза кармасак бул да коомго кошкон салымыбыз болот деп айта алам», — деди ал.

Жалал-Абад шаарындагы ишембиликке компаниянын 20дан ашык кызматкери чыккан. Ал эми жалпы республикалык ишембиликке өлкөнүн бардык аймактарында 130дан ашуун кызматкер катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE