Пример HTML-страницы

Сулайман-Тоодогу чектөө нааразычылык жаратты. Музей жетекчилиги жооп берди

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush2024-жылдын март айында «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жазгы иштөө режимине өтүп, тоого чыгуу убактысы 18:00гө чейин өзгөрдү. Музей жетекчилиги мындай чечим вандализм факттары көбөйүп, тоого таштанды көп ташталганы үчүн кабыл алынганын билдирген.

Ош шаарынын айрым тургундары бул чечимге нааразы болуп жатышат. Жергиликтүү тургун Рахмидин Алимкуловдун айтымында, кечээ, 7-майда 19:00дө Бишкектен келген достору менен тоого чыгууга барып, бирок кире албай кайтышкан.

«Бишкектен келген досторум менен барган учурда бизди киргизбей коюшту. Кыргызстандын бардык жарандары тең укуктуу. Ал эми «мен спортчумун» деп чуркагандар кирип кетип, каалагандай жүрүшөт. Аларга мүмкүн экен дагы, жөнөкөй жарандарга, Ош шаарынын тургундарына мүмкүн эмес экен. Биздин көзүбүзчө 20-30 спортчу дарбазадан кирип, тоого чуркап чыгып кетишти. Күзөтчү дагы бир унааны киргизип жиберди. Аны эмнеге киргизгенин сурасак, «өзүнөн сурап ал» деп жооп берди. Ал унаадагы адам менен өзүнчө сүйлөшүп, тыйын-сыйын алды окшойт. Сулайман-Тоону сөзсүз түрдө ачып коюш керек. Эл эртеден кечке иште болот. Анан кечинде эс алганча тоого чыгышат», — деди ал.

Жарандык активист Улан Канатбек уулунун айтымында, кечки убакта тоого чыгууга тыюу салынган чечим чыккандан кийин жарандар социалдык тармактар аркылуу жеке пикирин билдиришкенин, ал кезде жетекчилик Рамазан айында гана мындай чектөө киргизилгенин айып жооп берген.

«Негизи эле аны жаап коюу эч кандай логикага сыйбаган иш. Биринчиден, суицид көбөйүп кетти деген жүйө келтирип жатышат. Статистикасы барбы? Суицидге баргандардын канчасы кечинде Сулайман-Тоодон секириптир? Эгер суицид себеп болгон болсо, өмүр бою ошол чектөөнү албай коюш керек да. Экинчиден, Ош шаарында туристтерди тарта турган, аларга көрсөтө турган Сулайман-Тоодон башка эч нерсебиз жок. Адамдар эс алып чыга турган учур кечки убак. Мисалы, Германиядан Өзбекстанга келген турист кечинде ал жактан чыгып, Сулайман-Тоону көрүп, анан башка өлкөгө өтүп кетейин десе жабык турса, кайдан көрмөк эле? Күндүзү көпчүлүк иштейт, анын үстүнө күн ысык. Ошону үчүн кечинде көпчүлүк сейилдеп, эс алып келишет. Ошондуктан бул туура эмес чечим болгон деп ойлойм», — деди ал.

Ал эми «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комлпексинин директору Гүлбара Абдыкалыкова бул чечим анын тушунда эле кабыл калбаганын, мындай режим мурдатан бар экенин белгиледи.

«Бул чечимди мен эле кабыл ала койгон жокмун. Бул режими бар объект. Бул тыюу азыр эле чыга калган жок. Мындан мурун да мындай режим бар эле. Мурда капталындагы эшик ачык болчу, ошол жактан кирип кете беришчү. Эшиктерди жулуп да салышкан экен. Мен директор болуп келгенден кийин ошол режим боюнча кирип-чыгуу талабын койгом. Вандализм болуп жатат. Эшикти сындырып, тосмолорду жулуп кетип жатышат. Негизи режим боюнча, бардык жарандарга бирдей жабылат. Бирок ар дайым тоого чуркаган спортчулар экен. Айла жок аларды киргизип жатабыз. Бирок аларга чуркоого башка жер табуу керектигин, эми киргизилбей турганын айттык», — деди жетекчи.

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси 1949-жылы Ош облустук мекен таануу музейи катары неигизделип, азыркы аталышка 2004-жылы 10-апрелде ээ болгон. Комлекстин азыркы имараты Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата курулган. Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Музей комплекс өлкөдө эң чоң музейлердин бири болуп, коллекциясында 35 миңге жакын археологиялык, этнографиялык, кол өнөрчүлүк, скульптуралык, сүрөт жана графика объектилери бар.

Буга чейин Turmush басылмасына музей комлпекстин директору Гүлбара Абдыкалыкова аталган чечим боюнча түшүндүрмө берген.

Анын айтымында, жыл бою үч жүз миӊден ашуун көрөрман касса аркылуу өтсө, тоонун арткы бөлүгүндөгү ачык жерлер аркылуу (тосмолордун алдынан киргендер да бар) тоого чыккандардын саны билет алып киргендердин санына дээрлик барабар.

Мындан тышкары музей комплекси тарабынан бир жума бою жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы көрсөткөндөй, тоого атайын зыярат кылуу, куран окуу же сыйынуу жөрөлгөрүн аткаруу үчүн көбүнчө күндүзгү убакта келишет. Ал эми иш убактысы бүткөндөн кийин, кечкисин келгендердин 95-100%ы көӊүл ачууга келген жаштар (студенттер менен жогорку класстын окуучулары), алардын 80-90%ы тамак-аш менен келгендер (пицца, суусундук жана башка ичимдиктер). Бул тенденция өзгөчө орозо учурунда күч алган.

Тоонун эӊ бийик, кооптуу жерлерине чейин чыгып, тамактангандар, күн карама чаккандар, балмуздак жегендер бар. Анын кесепетинен тоонун чокусунда азыр бир нече жылдык таштанды чогулуп калган. Жазылган жерлер бар, ал жерге чыгып тазалоо абдан кооптуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE