Пример HTML-страницы

ОРОЗО ТУТУУЧУЛАРДЫН ДАРАЖАЛАРЫ 

https://kyrgyzcha.site/?p=56844&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ОРОЗО ТУТУУЧУЛАРДЫН ДАРАЖАЛАРЫ

 

Имам Абу Хамид аль-Газали орозо тутуучуларды үч даражага бөлгөн:

1-ДАРАЖА – Карапайым адамдардын орозосу – «саумуль-ауаам» – бул курсакты тамак-аштан жана жыныстык (шахват) жыргалчылыктардан гана тыюу, бирок мында орозо чын жүрөктөн болбой, дененин башка мүчөлөрү орозонун талаптарын толук аткарбайт. Тактап айтканда, бул даражадагы адам Аллах Таала тыюу салган нерселерден толук баш тартпай, ыңгайы келсе ушакчылык, чагымчылык, жалганчылык, жалган күбө берүү жана ушу сыяктуу күнөөлөрдү кыла берет. Бул даражадагы адамдар коркунучтун үстүндө турат. Себеби, Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: «Кээ бир орозо кармагандар ачка калып суусагандан башка сооп алышпайт, ал эми кээ бир түнкү намаз окугандар дагы түнкү уйкудан калышкандан башка сооп алышпайт»,– деп айткан. Кайсы бир адам өзүнүн дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн сактабаса, анда өзүн тамак-аштан, суусундуктан тыйганынан эмне пайда табат?! Анткени Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам: «Ким жалган күбөлүк берүүнү жана аны кылууну таштабаса, анда Алла Тааланын (алдында) анын тамак-аш, суусундукту таштаганынан не пайда»,– деп айткан.

 

2-ДАРАЖА – Өзгөчөлөрдүн орозосу – «саумуль-хауаас» – бул болсо экинчи даражадагы адамдардын орозосу. Мында эң биринчи кезекте курсакты жана аврат мүчөлөрүн тыюу жана ошондой эле көздү арам нерселерден, тилди жалганчылыктан, жаман сөздөрдөн, кол-бутту арам нерселерди аткаруудан, кулакты орозодо тыюу салынган нерселерди угуудан сактоо менен дененин башка мүчөлөрү күнөөлөрдөн сакталат. Себеби, орозонун араб тилиндеги мааниси да, шарияттык мааниси да «тыйылуу» дегенди билдирет эмеспи.

 

3-ДАРАЖА – Өзгөчөлөрдөн жогору турган адамдардын орозосу – «сауму хауаассиль-хауаас». Бул даражадагы адамдардын орозосу жеке эле курсакты тамак-аштан, аврат мүчөлөрүн шахваттан, дене-мүчөлөрүн күнөөлөрдөн тыюу менен чектелбестен, ошону менен эле бирге өздөрүнүн жүрөктөрүн Аллахтан алыстатуучу ойлордон жана маанисиз кеп-сөздөрдөн сакташат. Орозонун бул даражасындагы адамдар жүрөгү менен бир гана Аллахка байланып, Андан башка нерселерден жүз бурган адамдар. Мына ушул даража эң бийик даража! Аллах Тааладан бардыгыбызды ушул даражага жеткиришин сурайлы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE