Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусу боюнча жалгыз калган согуштун ардагери Амантур Токтоназаровго кандай сый көрсөтүлдү?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров жашаган аймакта белгиленди. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, аскер кызматкерлери жана айыл тургундары катышты. Анда атайын майрамдык парад, ага улай чакан концерттик программа тартууланды.

Жети-Өгүз району боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 1 ардагери жана оруктун 4 ардагери калган. Алар:

— Тосор айылынын тургуну Акиш Усенов;

— Ак-Терек айылынын тургуну Кульшары Токойбаева;

— Жон-Булак айылынын тургуну Султан Турдакунов;

— Желе-Дөбө айылынын тургуну Бүбүш Ажыбекова

Амантур Токтоназаров Жети-Өгүз району боюнча эмес, Ысык-Көл облусу боюнча жалгыз калган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.

Ардагер согушта 56-аткычтар дивизиясында жоокердик милдетин өтөгөн.

Анын айтымында, согушка 1944-жылы 18 жашында аттанган.

«Алгач Светлая Поляна айылынан бардым. Мени менен орус улутундагы 22, кыргыз улутундагы 26 жигит барды. Баарыбыз поезд менен узак жол жүрдүк. Ошол кезде биз барганда согуш кайнап турган экен. Мен орустар отурукташкан айылдан баргандыктанбы, айтор орус тилинен кыйналган жокмун. Тил билгеним көп жолу ажалдан сактап калды. Анткени, кол башчылар эрежелерди туура сактап, күндүз токой аралап, жарылууга кооптуу делген аймакка баспагыла дечү. Ачкачылыктан, суусап токой аралап, жарылып кетип каза болгондор көп болду. Мен өзүм спорт менен машыккандыктан улам снаряд да көтөрүп, командирдин сөзүн эки кылчу эмесмин. Тил билбей канча кыргыз жоокер балдары согуш талааларында окко учту. Кыйраган шаарларды бошотууда бизге «эч нерсе жебегиле» деп буйрук берди. Анткени бардыгы ууланган экен. Айрымдар тил билбегендиктен түшүнбөй, ууланган тамактарды жеп курман болушту. Чийки буудай жеп каза болгон жоокерлер да көп болду. Кудайымдын буйругу жана орус тилин билгеним менен аман калдым.

Мен 56-аткычтар дивизиясында жоокердик милдетимди өтөдүм. Биз бир катар жоокерлер менен Литванын шаарларын бошотууга аракеттендик. Аткычтар полкунда болгондуктан ок-дарынын үстүндө жүрдүк. Эң өкүнүчтүүсү жанымда жүргөн мыкты жоокер досторумдан айрылдым. Биз түн ичинде токой аралап жүрчү элек. Анткени күндүз немистер шаарларды бомбалап кыйратышат. Тамак-аш тартыш, айрым учурда сууга да зар болчубуз.

1945-жылы Жеңиш үнүн Берлинге жакын жерден уктук. Аябай сүйүнүп, шапкелерибизди көккө ыргытып жыргадык. Ошол жылы эле жеңиш толук биз тарапта болгон жок. Шаарларды тазалоо өңдүү бир топ иштерди жүргүзүп, 1950-жылы кичи мекенибизге кайттык. Келсек үйлөр ээн калган, эл кыйналган шартта жашап жаткан экен», — дейт ардагер А.Токтоназаров.

98 жаштагы Амантур ата күн сайын таң атканда дене тарбия көнүгүүлөрүн неберелери менен бирге жасап, өзүн сергек сезерин айтат. Анын 5 баласы жана небере-чөбөлөрү бар. Коомдук иш-чараларга да активдүү катышып келет.

Видео 6 жыл мурун тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE