Пример HTML-страницы

Чу дарыясынан алтын түстөгү балыктар кармалууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарына жакын Чу дарыясынан балыкчылар Японияда сүйүү менен достуктун символу болгон балык кармашты.

«Бул жолу кайырмакка ачык түстөгү каңылтыр балыгы түштү. Жем катары сөөлжанды колдондук», — дешти балыкчылар.

Буга байланыштуу биолог Ирина Стежко төмөнкүлөрдү айтты.

«Мүмкүн, каңылтыр балык чарбаларынан качып, Чу дарыясына түшүп калгандыр. Каңылтыр сазан балыгынын түрчөсүнөн өстүрүлгөн декоративдүү колго жасалган балыктар. Бул балык абдан чыдамкай келип, 25-30 жылга чейин жашай алат. Абдан ачык түстө болушу мүмкүн. Эң чоң каңылтыр балыгынын узундугу 120 сантиметр, салмагы 40 килограмм катары катталган», — дейт ал.

Анын айтымында, Японияда каңылтыр балыгы достуктун жана сүйүүнүн символу болуп саналат.

Каңылтырлар — балыктардын каңылтыр сымалдар түркүмүндөгү тукуму. Денеси түрпүлүү же түрпүсүз. Алардын 270тей уруусу, 1500дөй түрү белгилүү. Көбүнчө Түштүк Азия жана тропик Африкада таралган. Кара, Азов, Каспий деңиздеринин жана Амур дарыясынын алабында 50дөн ашык уруусунун өкүлдөрү кездешет. Кыргызстанда Ысык-Көлдө, Чүй, Талас жана башка сууларда бар. Каңылтырлар өрдөйт, шар аккан, ошондой эле жылуу, кычкылтеги аз сууларда жашайт. Жумурткасын өсүмдүк жана таш арасына, кээде суунун терең жерлерине таштайт. Айрымдары жумурткасын коргойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE