Пример HTML-страницы

Окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган Айгүл айым айылда мал чарбачылык менен алек

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районунун 43 жаштагы тургуну Айгүл Токтосунова жолдошу менен биргеликте мал чарбачылык менен алек. Ал бул ишти кантип баштаганын, учурда анын чарбасында кайсы эмнелер багалыран Turmush басылмасына айтып берди.

«Ата-энем Чүй облусунун Кемин районунан болушат. Ош шаарына жумуш аркылуу барып калышканда, мен жарыкка келген экем. Кеминдин Ак-Түз айылында балалык чагым өттү. Бишкек шаарында жайгашкан А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназиясын аяктап, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырдым. 1997-2001-жылдары бакалавр даражасына билим алсам, 2001-2003-жылдары магистратурада окудум. Эки бөлүмдү тең бюджеттик негизде артыкчылык (кызыл) диплому менен бүтүрдүм. Кесибим боюнча экология боюнча мугалимимин. Азыркы тапта Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында жашайбыз. Бул менин жолдошумдун айылы. Бул жерде анын ата-бабалары байырлаган, өзү да ушул жерде төрөлүп-өскөн.

Жолдошум экөөбүздүн чогуу түтүн булатканыбызга 22 жылдын жүзү болду. Учурда 3 кызы жана 1 уулду тарбиялап-өстүрүүдөбүз. Эң улуусу 3-курстун студенти, андан кийинки уулум 9-класстын окуучусу. Кызым 1-класста окуса, эң кичүүбүз 2 жашка чыкты», — деди ал.

Каарманыбыз мал чарбачылыкка кантип аралашып калганын айтып берди.

«Жолдошум экөөбүз мал чарбачылыгына алгач куш багуудан келип калдык. Биз 7 жыл бою куштун ар кандай түрлөрүн багып келдик. Кушту Европа, КМШ өлкөлөрүнөн, Вьетнамдан алып келип жүрдүк. Брама жана бройлер тоокторун, үндүк, цесарка, кеклик жана башкаларын бактык. Бул бизнес эмес, жөн гана кызыгуу болчу. Муну менен катар уулубуздун койду кантип багуу жана союу керектигин билүүсүн кааладык.

Мен Арашан породасындагы койлордун артыкчылыктары боюнча маалыматтарды топтой баштадым. Жолдошум мага колдоо көрсөтүп, темирлерди өзү ширетип, короо жайларды куруп берди. Оюбуз ишке ашып, оң татыйжасын берип жатты. Арашан породасындагы 1 кой кадимки 3-4 чарба коюна барабар эт берет. Бүгүнкү күндө Арашан породасындагы 15 кой жана Афганистандан алып келинген ак түстөгү коюбуз бар. Койлорду көбүнчө жолдошум менен уулум карайт. Суугарышат, жем беришет, дарылашат, кыгын тазалашат. А мен көбүнчө койлорду социалдык тармактарга жарнамалоо, сатылып жаткан Арашан породасындагы койлорду издөө менен алекмин. Башында өзүбүз үчүн эле багып жүрдүк, кийин чөп кымбаттап кеткенине байланыштуу сатууга чыгардык. Бирок бул үчүн көп иштер жасалды. Жылдар бою Кара-Балта, Токмок шаарындагы чарбаларга барып, акчабыздын жетишинче кой жана кочкорлорду алып жүрдүк.

Арашан породасындагы койлорго кызыккандар жана алуучулар көп экен. Бул жерде койдун сырткы көрүнүшүнө жана чоңдугуна карай баасы бычылат. Ошондой эле, Арашан коюна кошуна Казакстан жана Өзбекстан өлкөлөрү кызыкдар. Россия дагы аталган породага кызыгууларын билдиришти. Арашан породасындагы кочкорлордун узундугу 1 метрден жогору, салмагы 150дөн 231 килограммга чейин болушу мүмкүн», — деди ал.

Ал үйдө багылып жаткан кекиликтер жана Дратхаар породасындагы иттер боюнча сөз кылды.

«Койлордон сыртыркары иран жана түрк тукумундагы кекликтерди багабыз. Менин жолдошум атасы сымал мергенчи. Өзүнүн жанында алып жүрүүгө уруксат алган куралы жана документтери менен мергенчиликке чыгып турат. Тооктон кеклик багууга электр энергиясын үнөмдөө үчүн өткөнбүз. Мисалы, кышкысын тоокту багуу үчүн жарык жана жылуулук керек, ал эми кеклик бул нерселерге муктаж эмес.

Үйдө багылган кекликтердин эти жапайы кекликтердин этине караганда жумшак келет. Аларды сырты жабылган темир торлордун ичине багуу керек, болбосо учуп кетишет. Жазында жана жайында жумуртка чыгарышат. Аларга калориялуу жана белоктуу жем берүү кажет. Кекликтин жөжөлөрү 1 ай болгондо канат байлап учушат, 2 жума өткөндөн кийин ары-бери жүгүрүшөт. Анан эле чөптүн арасынан дагы таппай каласың.

Чет өлкөндөн алып келинген Дратхаар породасындагы иттерибиз бар. Коронавирус пандемиясынан кийин жолдошума тоодо жапайы кекликтердин артынан чуркоо оорчулуктарды жаратып жатты. Мындан улам аталган иттерди мергенчилик үчүн сатып алдык. Алар жолдошум атып алган кекликтерди жүгүрүп барып, издеп таап, алып келип беришет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE