Пример HTML-страницы

Кадамжайда гиластар бышып, 150 сомдон сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагында гиластар (кокон гилас) быша баштады.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымында быйыл аба ырайынын кескин өзгөрүп, кээде ысып, кээде суук жатканы мөмө-жeмиштepге таасирин тийгизип жатат. Гүлдөгөн учурда күн катуу ысып кетип, гиластын бүчүрүн күйгүзүп, мөмө азыраак байлап калды. Шамал азыраак болгон, ысыгыраак жердеги гиластардын алды быша баштады.

Учурда базарда кокон гиластын 1 килограммы 150 сомдон сатылып жатат.

  • Гиласка жылына 3 жолу дары чачылат. Алгач гүл ачканда, түйгөндө жана бышкан убакта. Бул дарылар бакты ар кандай курт-кумурскалардан сактайт. Ал эми мөмөсү бышкан кезде Россияга кымбат баада алып кетишет. Гиластын кирешеси жакшы болгону менен, аны өстүрүү дагы бир топ көйгөйлөрдү жаратат.
  • Анын мөмө берүүсү аба ырайына да байланыштуу болот. Ал жакшы түшүм бериши үчүн күн өтө ысык же суук болбошу керек. Ошондой эле алча гүлүн ачканга чейин да, кийин да жер семирткичтерди туура пайдаланып, дарылап туруу зарыл. Гүлдөгөнгө чейин зыянкечтерге каршы дары чачылат. Гүлүн таштаган соң чымын-чиркейлерге каршы дары чачылат. Антпесе курт түшүп, чирип кетиши мүмкүн. Эгер убагында 2 жолу дарыланса, мөмөсүн жакшы берет.

———————————————————————-

Гиластын баасы:

2022-жылы Баткен облусу боюнча 3500 тонна гилас экспорттогон. Жалпы облус боюнча гилас аянты 1556 гектарды ээлеп, 80% Кадамжай районундагя гилас бактары түзөт. 2022-жылдагы түшүмтүн баасы жогору болуп, жылдагыдан 2 эсе кымбат сатылган. Тактап айтканда Кадамжайда 1 килограмм гилас 200-300 сомго чейин сатылган. Ал эми Баткен шаарында 100-150 сомдун тегерегинде бааланган.

  • Орто эсеп менен жергиликтүү тургундар кокон гилас сатуудан 700 млн сомдон 1 млрд 50 млн сомго чейин табышы мүмкүн болчу.
  • 1 гектар жерге орто эсепте 400гө жакын гилас көчөтү батса, андан 3,5-4 тоннага чейин түшүм алынат. Алынган түшүм негизинен чет өлкөгө жөнөтүлүп турат.

Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Асилбек Сайдинов 2022-жылы берген маалыматында жалпы облус боюнча 1574 гектар жерге гилас өстүрүлгөнүн айткан. Анын ичинен Баткен району боюнча 54 гектарда, Кадамжай районунда 1443 гектарда, Лейлек районунда 35 гектарда, Баткен шаары 6 жана Кызыл-Кыя шаары боюнча 15 гектарда гилас өстүрүлөт.

  • 2021-жылда Баткен облусу боюнча жалпы 5100 тонна гилас өндүрүлгөн.

Буга чейин Лейлек районунун Арка аймагында приция сортундагы өрүктөр быша баштаганы кабарланган.

Лейлектин Жаштык айлынын тургуну Миңжигит Саттаровдун айтымында, приция сортундагы өрүктүн көчөттөрүн 3 жыл мурда Түркиядан алып келген.

«3 жыл мурда ар бир көчөттү 4 доллардан Түркиядан сатып алып, жалпысынан 3 гектардай жерге аралыгын 4 метрден кылып отургузганбыз. Быйыл алгачкы түшүмүн бере баштады. Алгачкы түшүмүн ар бир көчөт 2-3 килограммга чейин берип жатат. Өрүктүн бул сорту чоңураак болуп,1 кг 250 сомдон сатылууда. Данегин эгип, өзүнөн көчөт өстүрүп жатабыз. Буйруса көчөтү да сатылат.

Өзбүздүн жөнөкөй сорттогу өрүктөргө караганда бул приция сорту көбүрөөк көңүл бурууну талап кылат. Астын чаап, жер семирткичин учурунда бериш туруш керек. Көчөтү да өтө эле чоң болуп кетпей жарым карлик болот.

Азыркы учурда Лейлектин Арка аймагында жалпысынан 10-15 гектардай жерге өрүктүн эрте бышкан приция көчөтү отургузулган», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE