Пример HTML-страницы

КӨҢҮЛ ООРУТУУНУ ОЮН КӨРБӨ!

https://kyrgyzcha.site/?p=56340&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖАН ДҮЙНӨ ЫЙЫК БОЛОТ.

КӨҢҮЛ ООРУТУУНУ ОЮН КӨРБӨ!

 

Жан дүйнөбүзгө жана башкалардын жан дүйнөсүнө аяр мамиле жасоо канчалык маанилүү. Анткени адамды алсыратуучу жана күч — кубат берүүчү бул жан дүйнө.

 

ЭЧ КИМДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮН ООРУТПА!

Кичине балдардан баштап, улуу муундарга чейин жан дүйнөнү оорутпай мамиле жасоо бул

▪️ адамды сүйүү,

▪️ адамдын абалын туура түшүнүү,

▪️ адамга чын-жүрөктөн урмат көрсөтүү.

 

Башкалардын жан дүйнөсүн оорууту менен өзүбүз үчүн эч качан кубаныч ала албайбыз. Анткени ар бир инсандын жан дүйнөсү Жаратканыма таандык. Жан дүйнө бизге

▪️ чыныгы сүйүү үчүн,

▪️ чын — жүрөктөн кубануу үчүн,

▪️ төгүлүп ыйлоо үчүн,

▪️ Жаратканым менен сырдашуу үчүн,

▪️ ички дүйнөдөгү жакшыны сыртка жар салуу үчүн абдан керек.

 

ЖАН ДҮЙНӨ ЫЙЫК БОЛОТ.

Жашоо бумеранг деп көп угуп келебиз.

Бумеранг жашоо кайдан келет?

 

Адамдар бири-биринин көңүлүн каттуу оорутуп, жан дүйнөсүн сыздатканда, ыйлаган көз жаш Жаратканыма жеткенде, жашоо ал адам менен сүйлөшүүгө киришет.

 

Эмне үчүн?

 

Анткени мерез адамдар, башкалардын ашкерелегинин, жемелегенин укпай кайра эки эсе адамдарга

▪️ орой,

▪️ басынтуу,

▪️ жалаа жабуу,

▪️ жүрөктүү ооруткан сөздөрдү сүйлөй берет.

 

Мына ошондуктан

▪️эч кимди укпаган,

▪️уятсыз жаман сөздөрү үчүн уялбаган,

▪️ жасаган жаман иштери үчүн сыймыктанган,

▪️ар кимдин жүрөгүн оорутуп сүйлөгөн үчүн өкүнбөгөн адамдарга, Жашоо өзү кирише баштайт тура. Себеби жан дүйнөнү оорутуу канчалык жаман экенин адамдын башына келгенде түшүнө баштары анык.

 

ӨЗҮҢӨ ЖАКШЫ БОЛУУ ҮЧҮН ЭЧ КИМДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮН ООРУТПА!

 

Дагы айткым келет. Өзүбүзгө жакшы болуу үчүн башкалардын көңүлүн оорутуп сүйлөбөө жана ар бир инсанга аяр мамиле жасоо керек. Албетте кээде оңой болбойт. Анткени кээ бир инсандардын жашоосунда

▪️тил табышып түшүнүшө албаган,

▪️ келише албаган,

▪️бири-бирин көргөндө кыжырданып турган,

▪️сүйүшө албаган,

▪️сыйлашкысы келбеген адамдар болушу мүмкүн.

 

Манилүүсү ар бирибиз өзүбүз тараптан жакшыга умтулсак, анда көңүл оорутуу да аз болмок. Тилекке каршы бул жакшыны кээ бири кааласа кээ бири каалабайт. Бирок адам эмнени кааласа ошону аткарат. Ар бир чечимди жана кадамды адам өзү үчүн гана кабыл алат.

 

БАШКАНЫН ЖАН ДҮЙНӨСҮН ООРУТУУ БУЛ ӨЗҮНҮН ЖАН ДҮЙНӨСҮН ООРУГА ДАЯРДОО.

 

Өзгөчө тили заар, ачуусун баса албаган айым же мырзалар ойлонбой сүйлөдөн абайласаңыздар. Анткени

 

АР БИР СӨЗҮБҮЗ БУЛ БИЗДИН ЖАШООБУЗ.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE