БИСМИЛЛАХИР РАХМААНИР РАХИИМ.
Пайгамбарыбызын (С.А.В) бул темага байланыштуу
хадистеринэскерип, өзүбүздү шарият таразасында байкап
көрөлү.
👆 Саубан риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)
– *«Ким мага адамдардан эч нерсе сурабаймын деп кепилдик берсе, ага бейиш кепилдик кылынат»* – деди. Мен
айттым: *« Оо. Аллахтын элчиси! Мен эч кимден суранбаймын»* – дедим жана өмүр бою элдерден эч нерсе сураган жокмун.
📜Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)
*«Байлык малдын көптүгүндө эмес, канаат кылууда»*
деген. (Бухарий, Муслим).
📜Хаким ибни Хазам риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз: (С.А.В)
*“Берүүчү кол суроочу колдон жакшыраак.* Садаканын
жакшысы өзү муктаж болуп турганда берилгени жана карамагындагы адамдардан башталганы. Ким Аллахтан арамдан
тыйылууну талап кылса аны арамдан тыйылуучу кылат.Ким
каниеттүү болсо, Аллах аны муктажсыз кылат”.
(Бухарий,Муслим).
👆Пайгамбар (С.А.В) бейиш ээлерин санап, алар таза, карапайым жана жоомарт адамдар экендигин айтты.
📜Ибну Масьуд риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)
*“Кимге Аллах жакырчылыкты жиберсе жана ал элдерге арызданса, ал жакырчылыкты эч ким тосо албайт. Ал эми
Аллах Таалага кайрылса ага тезинен ырыскы берилет”* – деп
айткан.
(Абу Дауд).
📜Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз
(С.А.В) айткан:
– *“Кимде-ким муктаж болбостон эле адамдардан суранса, ал тозок отун чогултуптур”.* (Абу Дауд).
📜Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз:
(С.А.В)
*“Ким адамдардан суранууну көбөйтсө, ал тозоктун чогун сурайт. Кааласа көп, кааласа аз сурасын”* – деп айткан.
(Муслим).
📜Сахихул Бухарийде: Хайбар согушунан кайткан кезде
ансарлар Мадинага барып, майда жандык жана мөмөлөрүн
мухажирлерге беришкендиги тууралуу жазылган.
Абдулла Ибну Масьуд өлүм алдында уулун чакырып
мындай деди:
*“Оо,Абдурахмаан! Мен сага беш даанышман эрежени
осуят кылам, аны эсиңе тутуп ал:*
• Эгер алар абдан бай болсо да, адамдарга кедейликти
түшүндүр.
• Эгер абдан кедей болсоң да, муктаждардын талабын
орундат.
• Тыюу салынган иштерден баш тарт. Ага амал кылба.
• Бүгүнкү күнүң кечеги күнүңдөн жакшыраак болуусу
үчүн колуңдан келишинче аракет кыл.
• Эгер намаз окусаң акыркы жолу окуп жаткандай берилип оку.
👆Аллах Таала айтат: *“Мал мүлктөрүн күнү түнү жашыруун да, ачык да сарптагандардын сооптору (алардын) өздөрүнүн Раббисинин алдында. Аларга (эч кандай) коркунуч жок, алар кайгырышпайт”.* (Бакара: 274)