Пример HTML-страницы

Согушка кеткен Мухамбет Мамбетовдун акыркы каты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарында Улуу Жеништин 79 жылдыгына карата иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Жергиликтүү тургун Замир Мухамбетов бүгүнкү эскерүү иш-чарасына Улуу Ата Мекендик согушка катышып, дайынсыз жоголгон чоң атасы Мухамбет Мамбетовдун сүрөтүн көтөрүп келди.

«Чоң атам Мухамбет Мамбетов 1941-жылы согушка катышып, дайынсыз жоголгон. Акыркы катын 1942-жылы Белоруссиядан жазган экен. Анда «Биз Белоруссиянын токоюндабыз. Бул жактын абасы абдан ысык, токою саздак жер экен. Дагы бир жолу чабуулга барып келебиз» деп, кат менен кошо сүрөтүн салып жиберген экен.

Чоң атам согушка кеткенде атам чоң энемдин курсагында калыптыр. «Эгер уул болсо атын Аскер кой, кыз болсо өзүң билесиң» деп кеткен экен. Ошону менен атамдын атын Аскербай коюптур. Чоң атамды издеп, Россияга чейин кат жөнөтүп издедик. Бирок бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз», — деди Замир Мухамбетов.

  • 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка Нарын облусунан 19 миң 237 жоокер катышкан. Алардын ичинен 8 миң 104 жоокер мекенине аман-эсен кайтып келсе, 11 миң 133 жоокер окко учкан жана согуш талаасында дайынсыз жоголгон.

Нарын шаарында эскерүү иш-чарасы «Тянь-Шань» паркындагы «Өчпөс отто» белгиленди. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев баш болгон жетекчилер, аскер кызматкерлери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE