Пример HTML-страницы

«МЕНИ ШИРКТЕН САКТА»

 

СЕН АЛЛАХТАН «МЕНИ ШИРКТЕН САКТА» ДЕП ДУБА КЫЛАСЫҢБЫ?

 

Ширк – бул Аллахтан бөлөк жалган кудайчаларга ишенүү жана аларга сыйынуу. Аллах Таала Куран китебинде көптөгөн жерлерде ушул нерседен тыйат. Себеби ширк кылуу – күнөөлөрдүн эң чоңу болуп эсептелет. Пайгамбарлардын бул дүйнөгө келген максаты — элди ширк кылгандан тыюу болгон. Кайсы гана пайгамбар болбосун, Аллахка сыйынууга жана ширктен алыс болууга чакырган. Бул алардын эң негизги максаты болгон.

 

Аллах Таала Куранда айтты:

«Чындыгында: «(Жалгыз) Аллахка сыйынгыла жана шайтандан Алыс болгула» — деп айтуулары үчүн Биз ар бир коомго Элчи жөнөткөнбүз».

(Нахл сүрөөсү, 36-аят)

 

ШИРК КЫЛГАН АДАМДЫ АЛЛАХ ЭЧ КАЧАН КЕЧИРБЕЙТ

 

Кандай гана күнөө болбосун аларды Аллах Таала кечирүүсү мүмкүн. Мисалы: Адам баласы зына кылса, же бирөөнү өлтүрүп койсо. Бул экөө тең чоң күнөө, бирок Аллах кимди кааласа кечирет. Ал эми ширк кылган адам күнөөлөрү үчүн тообо кылбаган болсо, эч качан кечирилбейт. Адам баласы бүт күнөөлөрүнө тообо кылбастан өлгөн болсо, анда Аллах Таала кимге кааласа анын бардык күнөөлөрүн кечирүүсү мүмкүн. Бирок ширкке тообо кылбай өлгөн болсо, анда ал тозокто түбөлүк калат. Ал күнөөнү Аллах Таала эч качан кечирбейт жана Өз ырайымына албайт.

Аллах Таала Куранда айтты:

«Чындыгында Аллах Өзүнө ширк кылгандарды кечирбейт, бирок андан башка күнөөлөрдү кимге кааласа кечирет». (Ниса сүрөөсү, 48-аят)

 

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

«Кимде-ким Аллахтан башкага дуба кылып (сыйынып) жүрүп өлгөн болсо, анда ал тозокко кирет». (Бухари, Муслим)

 

Ширк кылган адамга Аллах Таала бейишке кирүүнү арам кылган. Ал адам тозокто түбөлүк азапталат жана эч качан ал адам тозоктон чыкпайт. Ал үчүн жан чыдагыс азап болот.

Аллах Таала айтты:

«Чындыгында ким Аллахка ширк кылса, анда ага Аллах бейишти арам кылды жана анын бара турган жайы тозок. Заалымдарга эч бир жардамчы болбойт».(Маида сүрөөсү, 72-аят)

 

Башка бир аятта айтат:

«Чындыгында Китеп ээлеринен каапыр болгондору жана мушриктер (ширк кылган адамдар) тозокко киришет. Алар ал жерде түбөлүк (болушат). Алар эң начар адамдар». (Баййина сүрөөсү, 6-аят)

 

Ширк эң чоң күнөө жана азабы да катуу болот. Ширк кылып өлгөн адам тозокто түбөлүк калат, ал жакта өлүм болбойт. Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бир хадисинде:

«Бир адам чымын себептүү бейишке кирди, дагы бирөө чымын себептүү тозокко кирди» — деп айтат. «Оо, Аллахтын Элчиси, кантип?» — деп сурашат. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтат: «Эки (мусулман) адам таштан жасалган кудайчаларга сыйынган коомдун арасынан өтүп калышат. Ал коомдогу адамдар айтышат: «Биздин кудайчаларга курбандык чалмайынча эч ким өтпөйт». Ал экөөнүн бирөөсүнө: «Бир нерсени курбандыкка чал!» — дегенде ал: «менде эч нерсе жок» дейт. Алар бирөөсүнө айтышат: «Чымын болсо дагы курбандыкка чал». Ал чымынды курбандыкка чалып тозокко кирет. Экинчиси: «Мен Аллахтан башкага эч кимге курбандык чалбайм» — деп баш тарткандыктан аны уруп өлтүрүшөт, ал бейишке кирет». (Ахмад)

 

Эгер сен тозоктун отунан сактанууну кааласаң, анда ширк кылбагын. Сыйкыр, төлгө ачуу, гороскоп, арбактардан колдоо суроо, жиндерден жардам суроо (бүү-бакшы), мазарларга ишенүү, эшикке така илүү булардын баарысы тең ширк. Мына бул нерселерден Аллахтан коргоо сурап дуба кыл.

 

Кудайчалар адамга эч кандай пайда да, зыян да бере албайт. Жадагалса ал кудайчалар өзүнө дагы пайда зыян кыла албайт. Аллах Таала айтты:

«Эч нерсе жаратпаган (кудайчаларды Аллахка) шерик кылышабы? Ал кудайчалары өзүлөрү жаратылган». (Аъроф сүрөөсү, 191-аят)

 

Мааниси: Оо, Аллах! Биз Сенден билип туруп Сага ширк кылуудан коргоо сурайбыз жана билбей ширк кылуудан кечирим сурайбыз.

 

ШИРКТИН ЭКИ ТҮРҮ БАР

 

1 – Чоң ширк. Алар: Бир нерсеге (жалган кудайчаларга) жүрөктөн ишенүү жана жүрөк ибадаттарын Аллахтан башкага арноо. Мисалы: Аллахты сүйгөндөй башка нерсени сүйүү же Аллахтан корккондой башка нерселерден коркуу. Аллахтан башкаларга таянуу жана жардам сурап жалынуу. Мисал: арбактардан коргоо суроо, мазарлардан наристе тилөө. Булардын баарысы чоң ширктерге кирет. Ал эми чоң ширктер адамды динден чыгарат.

 

2 – Кичине ширк. Алар: Риякерлик.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

«Мен силерден эң корккон нерсем – бул кичине ширк, сахабалар: «Ал эмне?» — деп сураганда Пайгамбар: «Риякерлик» — деп жооп берди». (Ахмад)

 

Аллахтын атынан башка нерсе менен касам ичүү. Аллах каалады жана сен кааладың деп айтуу.

Туурасы, Аллахтын аты менен гана касам ичүү керек. Аллах гана каалады деп айтып жүрүү керек.

 

Өзүңдүн жакындарыңа да бул нерселерди түшүндүрүп айтып, аларды тозоктун азабынан куткар. Алың жетишинче күрөш. Себеби бул күнөөнү кылганда түбөлүк тозокко кирет.

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, өзүнүн сахабаларына ширктен мындай деп Аллахтан коргоо сурагыла деп үйрөткөн:

«Аллахумма иннаа наъузу бика мин ан нушрика бика шей-ан наъламух, уа настагфирука лимаа ла наъламух». (Ахмад)

 

Абу Бакр, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан: »Эртең менен кечинде айтып жүрө турган бир сөз үйрөтүңүзчү?» — деп сурайт. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам: «Эй, Абу Бакр! Мындай деп айт: «Аллахумма Аалимал гойби уаш шахаада. Фаатирас самааваати уал ард. Рабба кулли шей’ин уа малийках. Ашхаду ан ляя иляха илля Ант. А’уузу бика мин шарри нафсии уа мин шарриш шайтони уа шароких. Уа ан актарифа алаа нафсии суу’ан уа ан ажурраху иляя муслим». — деп айткан. (Тирмизи)

 

Мааниси: «Жашыруун-ашкере нерселерди Билүүчү, асмандар менен жердин жаратуучусу болгон Оо, Аллах! Мен Сенден башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп күбөлүк беремин. Жана өз нафсимдин зыяндыгынан, шайтандын жамандыгынан жана тузагынан Сенден коргоо сураймын. Өзүмө же башка бир мусулманга жамандык кылып коюудан Сенден коргоо сураймын!»

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE