Пример HTML-страницы

Сузак районунун борборунда «Баатырлар» аллеясы ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн 9-май —Улуу Жеңиш күнүндө Сузак районунун борборунда «Баатырлар» аллеясы ачылды.

Маалым болгондой, ага Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Анда согушта курман болгондорго арналып куран окулду. Райондо Улуу Ата Мекендик согуштун 2 ардагери калганы айтылды. Ал эми жаңыдан пайда болгон аллея мындан ары акимчиликтин да көзөмөлүндө болот.

«Буга чейин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликтер райондогу сейил бактын ичинде болчу. Жакшы каралбай, нааразы болгондор да болуп жатты. Атайын ушул акимчиликтин тушуна район борборундагы эстеликтердин баары чогултулуп, ушул жайга орнотулду. Бул жерде «Советтер Союзунун Баатыры» Тукубай Тайгараевдин, согушта каармандыгын көрсөткөн башка да катышуучулардын, ооганчылардын, Баткен согушуна арналган бүт эстеликтер бар. Аллеянын абалына өзүбүз да көз салып турабыз», — деди аким.

Аллеянын пайда болуусуна, эстеликтерди кайрадан калыбына келтирилүүсүнө Сузак айыл өкмөтү тарабынан 3 миллион сомдой акча жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE